Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түздү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлдү. Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн кеңеш жоюлмай болду.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон «Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө» жарлыкта жазылганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы 1-апрелде кабарлады.

Жарлыкка ылайык, мыйзамдар боюнча талдоо жүргүзүү жана кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлөт.

Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдап чыгышы керек.

Кеңеш берүүчү жана консультативдик орган катары түзүлүп жаткан кеңешти президент Садыр Жапаров өзү жетектеп, курамына башкы прокурор, соттордун, атайын кызматтын жетекчилиги, экономика жана финансы, ички иштер, юстиция министрлери кирди. Ал эми мамлекеттик эмес органдардан кеңештин курамына «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова да киргени белгилүү болду.

5-мартта сот кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып президент Жапаров сот системасынын абалы жана аброю төмөндөгөнүнө судьялардын өздөрү күнөөлүү экенин айткан. Сот бийлигинин өкүлдөрү бул боюнча комментарий берген эмес. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG