Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча чагымга алдырбоого чакырды


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө жооп кайтарып, чагымга алдырбоого чакырды.

1-апрелде ал “Фейсбук” аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, “Тажикстандык аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттик чек ара маселеси боюнча мен тууралуу өзүнүн таарынычын жазыптыр. Мен ачыктык киргизгим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары мен эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды бердим. Андан башка биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир да сөз айтканым жок. Эмне үчүн анда Хамрохон аксакал пикирин абдан терс билдирип, каршылык мамилесин көрсөтүүдө? Балким менин өлкөмдүн кызыкчылыктарын чагылдырбаган сунуштарга макул болбогонум үчүндүр?” деп жазды.

Тажикстандын мурдагы ТИМ башчысы Хамрохон Зарифи 30-мартта “Фейсбукка” “Ворух жери Тажикстандын аймагы” деген билдирүүсүн жарыялап, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталар боюнча анклав болбогонун билдирген.

Тажикстандын Исфара районуна караган Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.

Ташиев Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр экенин 26-мартта журналисттерге билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG