Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Римдеги орус элчилигинин эки кызматкери тыңчылыкка байланыштуу Италиядан чыгарылды  


Тыңчылык ишке байланыштуу курчуп кеткен жагдайды Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо НАТОго мүчө мамлекет менен Орусиянын ортосундагы “өтө олуттуу чатак” деп атады. Кремль болсо буга жооп кылып, талаштуу маселеге карабастан, Италия менен алака сактала турганына үмүт артарын билдирди.

31-мартта Италиянын полициясы Римде Италиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн капитаны менен Орусиянын элчилигинде иштеген кызматкер тыңчылыкка шектелип кармалганын кабарлаган. Буга байланыштуу Италиянын тышкы иштер министри Римдеги орус элчиси Сергей Разов министрликтин кеңсесине түшүндүрмө алуу үчүн чакыртылганын билдирди.

Бир нече сааттан кийин министр Луижи Ди Майо "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу орус элчисине нааразылык нотасы тапшырылып, бул тыңчылык ишке катышы бар элчиликтин эки кызматкери токтоосуз түрдө өлкөдөн чыгарыла турганы эскертилгенин билдирди. Римдеги орус элчилиги аскер атташесинин кызматкери кармалганын ырастап, анын жагдайлары териштирилип жатканын жарыялаган.

Соңку жылдары Москва менен Батыштын ортосундагы мамиленин чыңалуусу курчуган шартта Орусия менен НАТОго мүчө мамлекеттердин ортосундагы тыңчылыкка байланыштуу жаңжалдар көбөйгөнү белгилүү.

Италиялык "Corriere della Sera" басылмасы элчиликте иштеген кызматкерди жана анын башчысын өлкөдөн кетирүү чечими чыкканын кабарлады. Териштирүү учурунда Италиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн капитаны, аскер кемесинин сакчысы жашыруун файлдарды берүү учурунда кармалганы белгиленди. Жашыруун документтерде бир гана Италияга эмес, НАТОнун иш-аракеттерине да байланыштуу маалыматтар болгону көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG