Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Жапаров түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекте ачууну сунуштады


Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий саммити видеожыйын түрүндө өттү. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен. 2021-жылдын 31-марты.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий саммити видеожыйын түрүндө өттү. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен. 2021-жылдын 31-марты.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейрасмий саммитинде түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондун түзүү демилгесин колдоп, анын кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады.

Жапаров фонддун түзүлүшү менен мамлекеттер ортосундагы инвестициялык климат, өз ара экономикалык кызматташтык жакшырарын белгиледи. Кыргыз президенти экономикалык кризис шартында кеңештин мүчөлөрү бири-бирине көмөк көрсөтүп, кыйынчылыктардан чыгып кетээрине ишеним артааарын билдирди.

31-мартта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий саммити видеожыйын түрүндө өткөрүлдү. Анда эл аралык жана чөлкөмдүк ургаалдуу маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында «Түркстан декларациясы» кабыл алынды.

Бейрасмий саммитке Казакстандын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан президенти Илхам Алиев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты.

Байкоочу өлкөнүн жетекчиси катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми ардактуу конок катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов катышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине учурда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Венгриянын бул уюмга байкоочу өлкө макамы бар.

Бул эл аралык уюмдун ишмердүүлүгү саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты камтыйт. (TSh)

XS
SM
MD
LG