Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Жаш акындар арасында поэзия сынагы жарыяланды


Жаш акындар арасында “Жаш толкун” сынагы.
Жаш акындар арасында “Жаш толкун” сынагы.

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте жаш акындардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү максатында республикалык поэзия сынагын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук жазуучулар союзунун басма сөз кызматы кабарлады.

Сынакка кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар 1-апрелден 31-майга чейин кабыл алынат.

1-июндан 15-июнга чейин конкурска катышкан ырлар калыстардын сынынан өтөт. Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки гана акындар катыша алышат.

Чыгармалар fond.tursunbekov@gmail.com электрондук дарегине “Конкурска” деген белги менен жөнөтүлүшү шарт.айге фонду 200 000 (эки жүз миң) сомду түзөт:

Баш байгеге – 100 000 сом, 1-орунга – 50 000, 2-орунга – 30 000, 3-орунга – 20 000 сом берилет.

Конкурстун биринчи этабында тандалып алынган 20 чыгарманын автору Ысык-Көлгө жайкы адабий лагерге жолдомо алат.

Баш байгени утуп алган калемгер Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат.

Парламенттин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы июлда 60 жашында коронавирус жугузуп алгандан кийин каза болгон. (MZh)

XS
SM
MD
LG