Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Өкмөт күзүндө маданият кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүүнү пландоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлөт. Бул тууралуу 31-мартта “Азаттыктын” “Эки бир” көрсөтүүсүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, кайсы мекемеге канча пайыз кошуларын азыр Экономика жана каржы министрлиги эсептеп жатат:

“Бизде кээ бир жерлерде 3-4 миң сом айлык алгандар бар. Опера жана балет театрыныкы 10 миң сомдун тегереги. Ал эми цирк, китепкана дегендерде 3-4 миң айлык алгандар бар”.

Өкмөттүн маданият кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйтүү тууралуу соңку чечими 2020-жылдын май айында кабыл алынган. Анда айлык 80 пайызга чейин көбөйөрү айтылган.

Кыргызстанда 22 театр оюн-зоок мекемеси, эки филармония, бир куурчак театры, 40 райондук маданият бөлүмү, 40ка жакын райондук китепкана, 30дай райондук музей, 1 миңдей айылдык клуб бар. (RK)

XS
SM
MD
LG