Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Министр Иманалиев: Журналисттин туура иликтөөсүн мамлекет колдошу керек


Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

Журналисттик иликтөө жанры керек, ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң чоң күчү. Мындай пикирин 31-мартта “Азаттыктын” “Эки бир” көрсөтүүсүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Ал калыс иликтөө жүргүзүп жаткан журналисттер көбөйүп келатканын белгилеп, мамлекет туура иликтөөлөрдү колдошу керектигин айтты:

“Туура иликтөө болсо ал мамлекетке пайдасын тийгизип жатат да. Мисалы, ошол эле Уланбек Эгизбаев кандай чоң операция жасала турган жерлерди жеке өзү изилдеп ачты – эл кандай колдоду, кандай реакция берди! Мамлекетке пайдасы тие турган иликтөө жүрүп жатса колдош керек”.

“Азаттык” бажыдагы, курулуштагы, медицина жана башка тармактардагы мыйзамсыз иштер тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана алар коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Радионун кабарчысы Уланбек Эгизбаев коррупция жөнүндө бир катар мыкты иликтөөлөрдү жасап, эл оозуна алынган. Ал 2018-жылы Ысык-Көлдө каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG