Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:14

Улуттук банк руханий баалуулуктар жөнүндө социалдык роликтерди тарттырды


Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов социалдык роликтердин бет ачарында. 2021-жылдын 31-марты.

Кыргызстанда элдин руханий баалуулуктары тууралуу маалыматты жайылтуу максатында атайын социалдык роликтер тартылды. “Ата журттун нукура байлыгы – өз эли” деген долбоор Улуттук банктын демилгеси менен ишке ашты.

Чакан тасмалардын бет ачары 31-мартта Бишкекте парламенттин, өкмөттүн, президенттик аппараттын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Социалдык роликтерди режиссер Руслан Акун тартты. Сценарийлерин кинорежиссерлор жана сценаристтер Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгулов жазышкан. Тасмаларды кинорежиссер Актан Арым Кубат жетектеген комиссия эксперттик балоодон өткөрдү. Ролдорду аткаргандардын бири актер Чыңгыз Мамаев:

"Элибиздин нурука каймактары, залкарлары Саякбай Каралаев, Жусуп Баласагын, Алыкул Осмонов, Сүймөнкул Чокморов деген мыкты инсандардын элеси чагылдырылган улуттук валютада. Валютанын курсу бийикте болуп турсун деп ушундай роликтер тартылып жатат".

Уюштуруучулардын айтымында, долбоордун максаты – Кыргызстандын маданий жана руханий байлыгына, өлкөнүн тарыхына зор салымын кошкон көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери жөнүндө жана элдин өлкөнүн улуттук валютасында чагылдырылган инсандар – Саякбай Каралаев, Жусуп Баласагын, Алыкул Осмонов, Сүймөнкул Чокморов тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу. Ошону менен катар улуттук валюта - сомго болгон ишенимди бекемдөө, акчага карата маданияттуу мамилени тарбиялоо максаты да коюлууда.

Кыргызстандын өзүнүн улуттук валютасы жүгүртүүгө 1993-жылдын 3-майында киргизилген.

Роликтер жакында телеканалдар аркылуу көрсөтүлө баштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG