Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Казакстанда вирустун кооптуу түрлөрү жайылууда


Казакстандын көпчүлүк аймактарынан коронавирустун түштүк африкалык жана британ штаммы аныкталды. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 30-мартта коронавирустун тез жайылып кетчү түрлөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарынан табылганын кабарлады. Мекеме мындай жыйынтыкка Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте илдеттин штаммдарын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн атайын усулдун негизинде келди.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча коронавирустун түштүк африкалык, британдык жана бразилиялык штаммдарына окшош мутацияланган түрлөрү Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар облустарынан башка бардык аймактарда аныкталган. Бул тууралуу 30-марттагы брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Алматы шаарындагы ооруканада бейтаптын ДНК-үлгүсүн изилдөөнүн жыйынтыгында, коронавирустун жугуу кооптуулугу жогору болгон британиялык жана түштүк африкалык түрлөрү аныкталган. Министрдин айтымында, Казакстан боюнча жалпысынан 265 бейтаптын ДНК үлгүсүн лабораториялык изилдөө учурунда коронавирустун британиялык түрүндөй мутацияланган 12 учуру табылган. Анын сегиз үлгүсү Алматы шаарына, үчөө Актөбө облусуна, бирөө Нур-Султанга таандык. 12 учурдун сегизи сырттан келгендерден аныкталган. Алар Мисирден жана Бириккен Араб Эмираттарынан Казакстанга учуп келишкен жүргүнчүлөр болушкан.

XS
SM
MD
LG