Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:59

Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты


Чынасыл Чыныбаев кызматтык бөлмөсүндө. Февраль, 2021-жыл
Чынасыл Чыныбаев кызматтык бөлмөсүндө. Февраль, 2021-жыл

"Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга" шектелип кармалган Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта караган. Чыныбаев үй камагында 27-майга чейин болот.

Биринчи май райондук сотунун маалыматы боюнча Чыныбаев Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу") 3-бөлүмү жана 39-берененин (“Кылмышка аракеттенүү”) 2-бөлүгү менен айыпталып жатат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Чынасыл Чыныбаев сотко чейинки тергөөнүн алкагында кармалганын, бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергенин жазып чыгышкан.

29-мартта Бишкек шаардык мэриясы Ленин районунун акими болуп Мелис Оскомбаев дайындалганын кабарлаган. Бул кызматты буга чейин ээлеп келген Чынасыл Чыныбаев “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 46-беренеси ("Өз каалоосу боюнча кызматын токтотуу") боюнча иштен бошотулганы айтылган.

Чынасыл Чыныбаев Ленин районунун акими болуп 2020-жылдын август айында дайындалган. (MiK)

XS
SM
MD
LG