Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

АКШ Мамдепартаменти Кыргызстандагы сөз эркиндиги жаатындагы көйгөйлөргө көңүл бурду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарын анализдеген баяндамасын шейшембиде жарыялады.

Документте Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү жаатында жаралган коркунучтарга көңүл бурулуп, «Азаттык» радиосу, «Клооп» медиасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» жүз миллиондогон долларлык коррупциянын бетин ачкан, 2019-жылкы иликтөөлөрү белгиленген.

Жарандардын эркиндигине, анын ичинде сөз эркиндигине арналган бөлүмдө Мамдепартамент кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аралашкан иликтөөнү жүргүзгөн журналисттер кабылган коркунучтарга басым жасалган.

Баяндамада «Эркин Европа/Азаттык» радиосу өз журналисттеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө болгон коркунучтан жана саясий куугунтуктоодон кооптонуп, башка аймактарга чыгарып кетүүгө аргасыз болгону белгиленген. Андан тышкары баяндамада журналистти коркуткан, Матраимовдон келди делген смстерди көрсөткөн видео да белгиленген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Ага 260 миң сомдук айып пул чегерген. 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган.

Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

XS
SM
MD
LG