Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Райымбек Матраимов 260 миң сомго жазаланып, мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылмай болду


Райымбек Матаримов. Архивдик сүрөт.
Райымбек Матаримов. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты.

Соттун 11-февралдагы отурумунда ал Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилди. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды.

Сотто 2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратуранын прокурорунун, УКМКнын тергөө тобунун башчысынын жана Матраимовдун ортосунда кызматташуу тууралуу келишим кабыл алынганы, анда жаза чарасы айыппул түрүндө болору жазылганы айтылды.

Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору белгилүү болду.

Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылары айтылды.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Судья айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөз баштап, тараптарды угуп, өкүмүн жарыялады.

Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу бойдон толтурганын белгиледи. Ал тергөөгө көмөктөшүп, Баткен жана Ош бажысында иштеген мурдагы эки жетекчинин кылмыш жасоого катышканы тууралуу көрсөтмө берүүгө макул болгонун айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

"Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо" (21.11.2019-ж.)

«Көмүскө акча ташыгандар кербени» (04.12.2019-ж.)

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG