Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

АКШ элчилиги Шадиев жана Көлбаев боюнча комментарий берди


АКШнын Бишкектеги элчилиги
АКШнын Бишкектеги элчилиги

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Нолэн Жонсон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевди экстрадициялоо маселеси боюнча"24.kg" агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Американын ортосунда кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоо боюнча келишим жок.

Нолэн Жонсон 1-мартта АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Дональд Лу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугуп, Шадиевдин ишин талкуулаганын айтты.

"Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзам үстөмдүгү жаатында иштешүүнү колдойт, анын ичинде, АКШдагы жеке адамдар жана мүлктөр боюнча кызматташууну көздөйт. 2019-жылы Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллар коррупциялык акчасынын Кыргызстанга кайтарылып берилиши ошол милдеттенменин далили".

Жонсон кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иштерине байланыштуу суроолорго да жооп берип, өз өлкөсү Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууга даяр экенин кошумчалаган:

"Көлбаев үчүн 5 миллион доллар сыйлыктын жарыяланышы, Матраимовго жана анын мүлкүнө каршы Магнитский санкцияларынын киргизилиши буга даярдыктын далили. АКШнын Федералдык чалгын бюросу, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү агенттиги жана Каржы министрлиги 9-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратура, УКМК жана Тышкы иштер министрлиги менен жолугушуп, Көлбаев менен Матраимов боюнча кызматташтыкты талкуулашкан. Бул кызматташтыкты улантуу үчүн кыргыз тараптын жообун күтөбүз".

Маалымат каражаттары Шадиевдин экстрадицияланышы боюнча маселеге 15-мартта президент Садыр Жапаров "Азаттыкка" маек бергенден кийин кызыга баштады. Анда Жапаров АКШ Камчыбек Көлбаев менен Райымбек Матраимовду айыптап, бирок АКШда качып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей, кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат деп сынга алган.

УКМК 25-февралда Шадиев боюнча АКШ бийлигине кайрылганын жарыялаган.

Аскарбек Шадиев – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен аны күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.

Ал 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

Ал эми былтыр октябрда кармалган кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбектин) быйыл 2-мартта тилкат менен абактан бошотулушу коомчулукта чоң талкуу жараткан.

УКМКнын маалыматына караганда, 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгон жана Көлбаев ушундан кийин тил кат менен бошотулган.

Анын бошотулушуна байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дароо реакция жасап, камтамачылыгын билдирген. Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин уюшкан тобунун каржы схемасынын бетин ачууга өбөлгө түзө турган маалыматтар үчүн сый акынын көлөмүн 5 млн. долларга көбөйткөнүн жарыялаган.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири маңзат барондорунун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн. доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны «кара тизмеге» киргизген.

АКШ буга чейин «Көлбаевдин кылмыштуу тармагы - бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган «"Brothers’ Circle" эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү» деп жазган.

Журналисттер кыргыз бажысынын мурдагы аткаминери, учурда кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы менен камакта жаткан Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевдин байланышынын далилин да таап чыгышкан.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берген. Учурда "кылмыштуу кирешелерди адалдоого" байланышкан башка кылмыш иши боюнча камакта. (BCh)

XS
SM
MD
LG