Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Г.Жумакунова: Жаңы кыргыз латын алфавити – тарыхый зарылчылык


Гүлзура Жумакунова сунуштаган латын алфавитинин “Инарип” вариантынын жадыбалы. 03.03.2021.
Гүлзура Жумакунова сунуштаган латын алфавитинин “Инарип” вариантынын жадыбалы. 03.03.2021.

Кыргыз таануучу, манас таануучу, түрколог, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова кирил жазмасына жарыш колдонуу максатында кыргызча латын алфавитинин бир вариантын расмий кабыл алуу – күн тартибиндеги олуттуу маселе экендигин белгилеп, өзүнүн “Инарип” аттуу вариантын сунуштайт.

XXI кылымдын алгачкы чейрегин жашап жаткан учурубузда дүйнөлүк интеграция ортомунан татыктуу орун алыш үчүн көптөгөн калктар, анын ичинде кыргыздарга тектеш эгемен түрк өлкөлөрүнүн бардыгы латын жазуусуна өтүп кетишти же өтүү алдында турушат.

Учурда кыргыз коомчулугунда да бул маселенин аз да болсо көтөрүлүп жатышы эл аралык жана ички зарылчылыктардан улам келип чыгып отурат. Дүйнөнүн ар тарабында окуп-иштеп жүргөн өлкөбүздүн келечеги үчүн түйшөлгөн бир катар кыргыз жаштары интернет аркылуу “Айдың Келечек” Улутмандар клубу аттуу бир пикир клубун түзүп алышып, ар ишембиде Кыргызстандын көйгөйлүү маселелерин талкуулашат экен.

Ошол жаштар алфавит маселесин да чакан чөйрөдө талкуулайлы деп жакында, 2021-жылдын 20-февралында, мени онлайн жыйынга чакырышты. Ийри отуруп, түз кеңешип, маселенин ар кыл жагдайына сереп салдык. Ал жерде козголгон жана жалпы эле коомчулугубуз менен талкууланышы керек болгон айрым маселелерди сиздер менен да бөлүшө кетейин.

Мен 2019-жылы атайлап бир кыргыз латын алфавити долбоорун даярдап, Кыргызстанга алып барып тааныткан адис катары маекте жаштардын көңүлүн бири-бирине тап келген мына мындай эки суроого бурдум:

1. Эмне үчүн биз, кыргыздар, латын алфавитине өтүшүбүз керек?

2. Эмне үчүн биз, кыргыздар, латын алфавитине өтпөшүбүз керек?

Тарыхка кылчайсак... Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 1937-жылдын 23-марты.
Тарыхка кылчайсак... Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 1937-жылдын 23-марты.

1. Эмне үчүн биз, кыргыздар, латын алфавитине өтүшүбүз керек?

Бул суроого жоопту 2 өңүттөн: ички жана тышкы зарылчылыктар алкагынан караганыбыз жөндүү го деп ойлойм.

а) Тышкы (эл аралык) зарылчылыктар

1. XX кылымдын акыркы чейрегинен тарта дүйнө укмуштуудай тездик менен глобалдашуу алкагына кирди. Бүгүнкү дүйнөдө эл аралык коммуникация (улашым) жана информация (билишим) каражаттарынын орток тили үчүн англис тилинин, модерн дүйнө жазуусу катары латын жазуусунун тандалып алынганын азыр эч ким тана албайт.

2. Дүйнөлүк интеграция ортомунан татыктуу орун алыш үчүн көптөгөн калктар латын жазуусуна өтүп кетишти. Бул жапырыктан кирил жазуу чөлкөмү да четте калган жок.

Мурунку СССР баштаган социалисттик лагерде Чыгыш Европа, Балкан өлкөлөрү жана Монголияда экинчи тил катары окутулган орус тилинин да, кирил жазмасынын да аймагы аябагандай тарыды. Кирил жазмасы азыркы тапта Орусия Федерациясы, Украина, Беларус; Балкан чөлкөмүндө – Македония, Сербия, Болгария, ал эми Борбордук Азияда – Кыргызстан, Тажикстан, Монголия менен эле чектелип калды.

Кошумча кызыктуу маалыматтар:

Монголия 2014-жылы 14-майда Монгол парламенти (Улсын Их Хурал – Мамлекеттин Улуу Хуралы) тарабынан кабыл алынган “Монгол тили тууралуу” мыйзам боюнча 2025-жылы мамлекеттин бүтүн жазуу иштери эски монгол жазуусуна өтмөкчү. Ар жылы майдын биринчи дем алышы “Улуттук тил майрамы” катары майрамдалган монгол эски жазуусунун 800 жылдыгы 2004-жылы белгиленген болчу.

Орусиянын ичиндеги айрым калктардын (фин-угор тектүү калктар, адыге, черкес, чечен, чуваш, кырым жана казан татарларынын) ар кайсы жылдар аралыгында латын арибине кайрадан өтүү аракеттери Орусия Федерациясынын Конституциялык сотунун 2004-жылдын 16-ноябрындагы № 16-П чечими менен толугу менен токтотулган.

Өзбекстан менен Түркмөнстан 1993-жылы латын алфавитине толук өтүшкөн, бирок Өзбекстанда быйыл кайрадан жаңыланган алфавитке өтүү чечимин кабыл алынды. Коңшу Казакстан да 3 жолу өзгөртүүдөн кийин 32 ариптүү курам менен жаңыланган алфавитине өтө турган болду.

Тажикстан азырынча кирил жазуусун колдонуп атса да, пайдаланышына уруксат берилген арап алфавитине өтүү ниети коомчулукта барган сайын басымдуулук кылууда.

3. Үчүнчү бир олуттуу маселе, түрк элдери орхон-энесай, кийинки уйгур, арап, латын, кирил жазууларын колдонууда ар дайым бирдиктүү жазуу чөлкөмүндө болуп келишкен. Мындай биримдик алардын маданий жана коомдук байланыштарында бири-биринен кол үзбөй, орток маданий салттарын сактап келишине өбөлгө түзгөн.

Бүгүнкү дүйнөлүк аренага, ошондой эле Юникод (Unicode) сыяктуу эл аралык символдор системасына да бир-бирден, ар башка ариптер аркылуу эмес, 220 миллиондук түрк тилдеринин орток алфавити катары киргизилсе, дүйнө тарабынан ал жазууга карата салмактуу, абройлуу жазма катары мамиле жасалары бышык. Азыр дүйнөдө ар кандай жаңылыкка карата баа, ошол саамалыкты колдонуучулардын саны жана базарлама талабына жараша берилери бир турмуш чындыгы болуп калбадыбы.

Бирок Кыргызстандан башка эгемен түрк республикаларынын баарынын бир жазуу системасы ичинде (латын алфавити алкагында) орун алгандарын деле жагымдуу окуя катары бааласак болот.

Азыркы кезде түрк мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыктарынын барган сайын күчтөнүп бара жатканын эске алсак, мисалы, Түрк Парламенттер Кеңеши, Түрк Өлкөлөрүнүн Мамлекет Башчыларынын Саммити, ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы сыяктуу түрктөрдүн башын кошкон түрк интеграциясы түшүнүгүнүн пайда болгонун, бара-бара өөрчүй турганын да тана албайбыз. Кыргызстандын бул кызматташтыктарга орток жазуу платформасынын тышында калып катышуусу, албетте, бир катар кыйынчылыктар жаратпай койбойт.

Ошол себептүү азырынча кирил жазмасы менен катар эле эл аралык мамилелерде, документтерде, интернетте колдонуу үчүн стандарт бир кыргыз латын жазмасы маселесин жайчылыкта тактап жана тандап алуубуз зарыл.

Казак латын алфавитинин соңку варианты. Жадыбал. 2021.
Казак латын алфавитинин соңку варианты. Жадыбал. 2021.

б) Ички зарылчылыктар

1. Кыргызстандын латын тамгасына бул жолку кайрадан өтүшү, бир кезде Чыңгыз Айтматов «элпек жазуу» деп сүймөнчүлүк менен атаган, тилибиздин тыбыштык түзүлүшүн даана чагылткан ыңгайлуу жазуу менен кайрадан табыштырат. Кирил жазмасында жол берилип кеткен айрым тилдин табиятына терс мүчүлүштөрдөн кутулуп, эгемен өлкөнүн мамлекеттик тилин заманбап талаптарга жана табигый насилине төп келе турган жетик алфавитке ээ кылат.

2. Латын жазуусуна кайра өтүш кыргыз тилинин глобалдык маалымат булактарына өз алдынча жана арип алмаштырбастан тикелей киришине, эл аралык тилдердин катарында татыктуу ордун алышына жол ачат. Латын алфавитине өтүлсө, тышкы булактар катары дүйнөдөгү тилдер менен ортомчусуз тикелей интеграция жасоого мүмкүнчүлүк түзө турган орфография эрежелери жаңыдан иштелип чыгат. Муну менен бүгүнкүгө чейин улуттук тилдин мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, тилге кирген ар бир сөз же терминди орус орфографиясына жараша байлап-матап келген көз карандылыктан кутулуп, аларды улуттук тилдин табиятына шайкеш, тектеш тилдер менен орток кабылдоо ыкмалары иштелип чыгат.

3. Кыргызстанда латын тамгаларына карата ырааттуу жазуу эрежелери иштелип чыкпаганы үчүн чет өлкөгө чыккандар үчүн документ (паспорт) даярдоодо аябагандай чаржайыттык өкүм сүрүүдө. Ж, к, ң, ы, ө, ү тамгалары ойгелди 3-4 вариантта жазыла берип, андай катачылыктардын азабын четте жүргөн жарандарыбыз аябай эле тартып келишет.

Латын арибиндеги кыргыз тилиндеги бир нече аталыштагы китептер жана документтер.
Латын арибиндеги кыргыз тилиндеги бир нече аталыштагы китептер жана документтер.

2. Эмне үчүн биз, кыргыздар, латын алфавитине өтпөшүбүз керек?

Латын жазмасына өтүүгө каршы коюлган аргументтер негизинен, булар:

1. Кирил алфавити Кыргызстанда 80 жыл бою колдонуп келди, өлкөнүн ошончо жылдык тарыхы бул тилде жазылды. Улгайган муун ушул гана жазууну билет. Ортодогу 80 жыл бою жазылган китеп, документ, маалыматтардын баары жаңы муунга жабык калат. Маалымат агымы үзгүлтүккө учурайт.

2. Кыргызстанда расмий тил орусча болуп, расмий жазышмалар 2 тилде тең жазылганы үчүн эки башка арип менен жазуу кошумча кыйынчылыктар алып келет. Ансыз да чабал экономика бардык жазуу системасын жаңы арипке которуу сыяктуу чоң чыгымды көтөрө албайт. Мектептерде орус тили кирил арибинде окутулат. Окуучулар эки башка алфавитте жазууга аргасыз болуп, кыйынчылыкка учурашат.

3. Орусияда 1 миллионго жакын мигрант бар. Кыргызстан расмий тил катары орус тилин, жазуу катары кирилди колдонгону үчүн аларга көп жеңилдиктер жасалат. Эгер латын жазуусуна өтсөк, анда Орусия менен мамиле бузулат да, андан мигранттар запкы көрүп калат.

Бул каршы көз караштар, көбүнесе эски совет орток маалымат мейкиндигинен четтеп калуудан чочулаган саясий өңүттүү жүйөлөргө таянат. Андан бери отуз жыл өтүп, ар ким өз жолунда бет келген тоскоолдуктар үчүн өздүк баалуулуктарын садага чаппай турган абалга келгенин аңдай тургандай эле болдук.

Албетте, бул маселеде күнүмдүк жашоонун оорчулугунан улам жаңы бир түйшүк тартуудан тарткынчыктаган элибиздин маанайын да түшүнсөк болот. Ошондуктан биздин азыркы аракетибиз – элди, мамлекетти 3-4 сыйралап чыгым тарттырып, комиссия түздүрүп убара кылбай, тилибизге ылайык туура, так жазууну эмитеден даярдап алалы, тышкы алакалар үчүн стандарт тартиптеги бир жазуу жаратып алып колдоно баштайлы деген эле аруу ниет.

Жогоруда айтылган зарылчылыктар аркылуу аталган антитезистердин бир тобунун жообу ансыз деле берилди. Кошумчалап айта кете турган болсок:

1. 80 жылдык кирил жазуусу менен жазылган китеп, документ, архивдик материалдардын кайсынысын болсо да керек учурда бир канча тилге бир заматта которуп коё турган технологиялар азыр бар. Андай программаларды колдонуп, ар бир эле киши керектүү басылманы окуп, пайдалана алат. Демек маалымат агымы үзгүлтүккө учурайт деген чочулоо негизсиз.

2. Мектептерде азыр деле кирил менен жарыш англис, немис тилдери латын ариби менен окутулууда. Азыр бакчадан тартып эле латын арибин колдонуп интернетке кирип жүргөн мектеп окуучуларына латын жазмасы эч чоочун эмес, ал түгүл чет тилдерди үйрөнүүдө кайра жеңилдик алып келет. Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп турган чакта орус тилинин же жазуусунун жоголуп же унутулуп кетиш коркунучу дегеле жок. Өз тилибизди Кудай сактасын!

3. Буга чейин латын алфавитине өткөн Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстандын да Орусияда биздикилерден кем эмес мигранты бар. Бирок Орусия алар менен кызматташууга мурдагыдай эле кызыкдар. Демек, тамгасын алмаштырып салды деп Орусия бизден кол үзүп кетет деп кооптонуунун кереги жок.

Кыргызстанга карата геосаясий кызыкчылыктар турганда, эч бир мамлекет кайсы бир ички ишибиз үчүн андай кызыкчылыктарынан оңой менен баш тарта албайт.

4. Көпчүлүк жаңылыктар дижитал (санарип) жолу менен ишке ашырыла турган азыркы технология заманында жазуу алмаштыруу чыгымы да 1920-жылдардагыдай кымбатка турбайт, анчалык убакыт да албайт. 1920-жылдарда жаңы түзүлгөн, жаңы эле жарандык согуштан чыккан Совет өлкөсүнүн түркүн түрлүү калкы арап жазмасынан латын жазмасына 3 жылда, кирил жазуусуна бир жылда эле толук өтүп кеткенин эске алсак, Кыргызстандын азыркы абалы жана технологиялык шартында латын алфавитине тез эле өтүп коюу мүмкүнчүлүгү алда канча жогору.

Албетте, чечкиндүү саясий эрк көргөзүлүп, өтүүгө чечим кылынса, ал жүрүм белгилүү баскычтарга айрылган ырааттуу мамлекеттик программа аркылуу тез эле ишке ашырылары шексиз.

Айтмакчы, мен “Айдың Келечек” Улутмандар клубунун мүчөлөрүнөн аталган суроолорго карата пикирлерин сурадым. Стамбулдан жарыш сөзгө чыккан Кыргызстан Достук жана Маданият Коомунун төрагасы Нурлан Абдикаимов латын арибине өтүү замандан талабы экенин, саясий эрк күчтүү болсо, көп деле тоскоолдук болбостугун айтып, “Инарипти” колдоно баштоону сунуштады.

Жапониядан Гүлүмкан Бектурова аттуу магистрант кызыбыз чет элде окугандарга орус тилинин да, кирил жазмасынын да анча пайдасы тийбегенин, латынга өтүштү жасалма себептерге шылтабастан тез арада жүзөгө ашыруу керектигин айтты.

Измир шаарынан Дастан Разаков аттуу докторант жигитибиз “Инарип” пикирин колдоо менен, чет элдеги кыргыз азчылыктарынын да жазуу бирдиги тышында калып кетпеси үчүн тиешелүү чаралар эске алынышы керектигин эскертти.

Тарыхчы Абдрасул Исаков. Түркия. 11.5.2012.
Тарыхчы Абдрасул Исаков. Түркия. 11.5.2012.

“Айдың Келечек” Улутмандар клубунун демилгечиси, тарых илимдеринин доктору Абдрасул Исаков күзүндө кыргыз тилинин көрөңгөсүн байытуу максатында англис, түрк, орус, жапон тилдеринен чыгармалар которулуп чыгарыла турган китепти сыноо иретинде латын-кирил ариптери менен чыгарып көрүүнү пландагандарын билдирди.

Ошентип, келечектин ээси – айдың жаштарыбыз да замандын талабы болгон латын арибине өтүү керектиги жаатында бир пикирде экендиктерин айгинелешти.

Коомчулугубузда айтылып келген карама-каршылыктарга карабастан, мен 1993-жылдан бери карай бул жаатта жазылган макалаларымды, ар кандай форумдарда жасаган илимий докладдарымда айткан пикирлеримди, латын жазуусуна өткөн боордош элдердин тажырыйбаларын да жыйынтыктап, бир кыргыз латын алфавити долбоорун түзүп чыккан элем.

Аны 2019-жылдын сентябрь айында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргызстандын илим, маданият, саясат өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык медиа курулуштарынын кеңири катышуусу менен таанытып келгем. Түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде кыргыздардын латын жазуусу тарыхы, бүтүн деталдары менен камтылган «Кыргыз латын алфавити (Инарип)» аттуу чакан китеп да жарыялаган элем, ал китеп да келгендерге таратылган.

Жумакунова: Технологиянын арибине өтүү зарыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Алфавит долбоорун убактылуу “Инарип деп аташымдын себебин түшүндүрө кетейин: Орусиядагы татар туугандарыбыздын 1999–жылдан тарта 5 жыл бою абдан жигердүү колдонуп, бирок 2004-жылы Орусия Федерациясынын Конституциялык Соту тарабынан токтотулуп салынган татарча латын алфавитин “Иналип” атап алып, азыр дүйнөнүн чар тарабында интернетте дагы эле колдонуп жатышкан чечкиндүүлүгүнөн таасирленип, мен да “алип”(

Алфавит түзүү жана аны элге таанытуудагы максатым – болочок кыргыз латын алфавитинин бир долбоорун жайчылыкта, кеңири чөйрөдө талкуулап, сыноодон өткөрүп, учурдун талабы болуп турган бул зарылчылыкка коомчулуктун көңүлүн атайлап буруп, ой калчоого чакыруу болчу.

Журналист Мээрим Сайдилкан "Фейсбуктагы" баракчасында 2019-жылы 10-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жыйын залында түрколог доктор, профессор, "Даңк" медалынын ээси Гүлзура Жумакунованын кыргыз латын алфавитинин жаңы ("Инарип") долбоору тууралуу илимий талкуу өткөнүн шардана кылды.

Инарип” долбоору 2019-жылдын күз айларында өлкө ичинде да, чет элде да кыйла резонанс жаратты, ал түгүл Кыргыз парламентинде да атайын маселе козголду. Өзүм да КТРК, Марал-ФМ сыяктуу каналдарда конок болуп, түз эфирде эл менен пикир алышуу, кеңири түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.

Андан берки бир жарым жыл ичинде түрк мамлекеттеринде да, Кыргызстандын илимий чөйрөсүндө да латын алфавити жаатында кыйла жылыштар болду.

Өзбекстан 1993-жылдан бери колдонуп келген алфавитин жаңыртып, Казакстан да 4-жолу жаңы алфавит долбоорун жарыялап, экөө тең мурунку диграфтардан (ch-ч, sh-ш, ng-ң) баш тартып, жалпы түрк алфавиттерине кыйла жакындаган долбоорлор даярдашканы бизди сүйүндүрдү.

Бул арада ар башка өлкөлөрдөн адистер менен да пикир алыштык. Бир канча жолу илимий жыйындарда бул темада докладдар жасап, талкуудан өткөрдүм. Жолдошум, тилчи адис жана ишкер Разак Сайдилканов, тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин, Абдрасул Исаков баштаган билимдүү жаштар тобунун пикирлеринен, былтыртан бери социалдык тармактардагы кызуу талкуулардан жаралган ойлоруму жыйынтыктап, алфавиттин жаңы түзүмү боюнча жаңы бир тыянакка келдим.

Мен бул маселе жалгыз эле гуманитар билими барлардын көйгөйү деген пикирге катылбас элем. Өлкөнүн, элдин тагдырына тийиштүү эч бир маселе жеке эле бир катмарды түйшүккө салбастыгы маалым. Түркияда жашаган Бахтияр Шаршеев аттуу бир архитектор жигитибиз да бул тармакта өзүнүн атаандаш варианттарын байма бай сунуштап келет.

Жакында эле ал да Азаттыкта өз долбоору боюнча маалымат бергенин көрдүм. Мага убагында долбоорлорубузда мунасага барып, бирдиктүү кыргыз алфавитин түзөлү деген сунушун да жасаган болчу. Мисалы, мен анын “тарыхый мурастуулук” тууралуу принцибине таянып, 1929-жылкы латын алфавитиндегидей й тыбышын [Jj] тамгасы менен берсекпи деген пикирин жактырдым, азыркы долбоорго ошондой киргиздим.

Блогер Бахтияр Шаршеев. 05.2.2021.
Блогер Бахтияр Шаршеев. 05.2.2021.

Экөөбүздүн вариантыбыз кыйла жакын, бирин-экин тамгада гана айырмачылыктар бар. Буюрса, жакында Кыргызстандагы, чет өлкөдөгү бардык демилгечи адистер бирдиктүү бир алфавит вариантына токтолуп, коомчулуктун назарына тартуулап калышыбыз ажеп эмес.

Биз азыр сунуштап жаткан “Инарип” 2021-жылдын 3-мартына карата мына ушундай шекилге келди.

Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова сунуштаган “Инарип” аттуу жаңы кыргыз латын алфавитинин жадыбалы. 2021-жылдын 3-марты.
Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова сунуштаган “Инарип” аттуу жаңы кыргыз латын алфавитинин жадыбалы. 2021-жылдын 3-марты.

«Инарип» сыяктуу заманбап алфавитти кайра түзүп чыгууда жана анын ар бир тамгасын тандап алууда эң башкы принцип – кыргыз адабий тилинин нукура тыбыштарын толук чагылдыра ала турган, окуганга, жазганга оңой улуттук мүнөзү менен дүйнөлүк прогресске түздөн түз үн кошо ала турган эл аралык мүнөзүнүн бирдей эске алынышы болду.

Улуттук мүнөзүнүн толук чагылдырылышы үчүн тилибизди кирил алфавитинде орун алып кеткен мүчүлүштүктөрдөн арылтууга жана адабий тилдин бардык тыбыштарынын толук чагылдырылышына айрыкча көңүл бурулду.

Инарипке” кыргыздын кирил алфавитине 1940-жылы кирбей калган артчыл, жарылма, каткалаң /қ/ тыбышы үчүн – [Qq], артчыл, сызылма, жумшак /ғ/ тыбышы үчүн – [Ğğ] тамгалары (Qırğız, qağaz, qomuz, toğuz) кошулду.

Бул тыбыштар кыргыз тилинин негизги улуттук өзгөчөлүктөрүнөн болуп, классификациялык мааниге ээ. Алардын алфавитке алынбай калышынын жеке тилдик эле эмес, коомдо социалдык жиктелүүгө (кыргыз-киргиз) да жол ача турганын кирил алфавитинин кесепеттеринен жана Түркиянын латын алфавитинин дээрлик 100 жылдык тарыхынын жыйынтыгынан ачык көрүүгө болот. (Түрк латын алфавитине бул тыбыш үчүн тамга алынбай калышы акыры ал тыбыштын түрк боордошторубуздун адабий тилинен жок болуп кетишине жол ачкан).

Алфавитте кошумча белги же түшүндүрмөгө керек калбастан, оңой жазылып, оңой окулушу үчүн “бир тамга – бир тыбыш” принциби толугу менен сакталды. Кирилл жазуусундагы я, ю, ё, е кош үндүүлөрү кош тамга менен (kojon, tajak, kijet, ajuu), ц, щ кош үнсүздөрү тек тамга менен (sirk cirkus, sement cement, sitrus citrus; şyotka, şi ж.б. сыяктуу) эле жазыла турган болду.

(ъ) белгиси менен жазылган сөздөрдө өзүнчө тамга алынбастан, кыргыз тилине ылайыкташтырылып айтылышы, жазылышы туура көрүлдү (objekt, subjekt, podjezd ж.б.). Oрус, батыш тилдеринен кирген жана кирил жазмасында ичкертүү белгиси – ь коюлуп жазылып келген сөздөр үчүн атайын тамга алынбастан, апосторф /’/ менен гана коштолору (ijul’, ijun’, kal’ka, bal’zam, pal’ma ж.б.) орфографиялык эрежелер аркылуу жөнгө салынат.

Кыргызча кирил жазуусунда кыргызчанын төл сөздөрүндөгү ж менен чет тилдерден кирген сөздөрдөгү жумшак ж (j) үчүн бир эле тамга алынып, андан улам окууда жана сүйлөөдө кыйынчылык жаратылып келген. “Инарипке” төл сөздөр үчүн Сс, чет сөздөр үчүн Žž тамгасынын (чех жана словак тилдериндегидей), алынышы менен аталган кыйынчылык жоюла турган болду.

Кыргызча кирил жазуусунда фонологиялык айырмачылыгы болбогон е тыбышы позициялык (турумдук) ээлеген ордуна жараша эки тамга менен белгиленип келген болсо, “Инарипте” бир эле тамга менен берилмекчи: эне– ene , эртең – erteñ, кечээ – keçee, ээн – een ж.б.

Кыргызча латын арибиндеги айрым чыгармалардан үзүндүлөр. 1940-жылдар.
Кыргызча латын арибиндеги айрым чыгармалардан үзүндүлөр. 1940-жылдар.

Бүгүнкү күнү да, алдыдагы эл аралык байланыштарда дагы көбүрөөк арта турган жагдайлар эске алынып, алфавиттин эл аралык мүнөзүн да колдонууга оңой, кемчилсиз кылыш жагы ойлонуштурулду.

Алгачкы вариантта ы тыбышы үчүн түркчөнүн [Iı] тамгасын алган элек. Бирок кыргызчада ы тыбышынын өтө жыш колдонуларын жана классик латын тамгасы болбогону үчүн колдонумда дайыма кыйынчылык жаратарын эске алып, аны латындын [Yy] тамгасы менен берүүнү туура көрдүк.

Ал эми мурда [Yy] менен берилген й тыбышын 1929-жылкы алфавиттегидей [Jj] тамгасы менен, чет тилден кирген сөздөрдөгү ж’ны (журнал, жюри, гараж) Европа тилдеринде жыш колдонулган [Žž] менен алмаштырдык.

Талкууларда талаш жараткан тамгалардан бири (Ww) тамгасы болду. Бул тамганын учурда улашым, билишим тармактарында улам артып бараткан мааниси эске алынып, 1991-жылкы Стамбулда өткөн Биринчи Эл аралык Заманбап Түрк Алфавиттери Симпозиуму 34 тамгалуу жалпы түрк алфавити долбооруна киргизген болчу.

Бул тамганы биз да алфавитке коштук, себеби азыркы учурда whatsapp, work shop, wi-fi, web-site, wireless сыяктуу сөздөр күндөлүк жашообузга эмитеден эле ээн-эркин кирип, интернетте жана технологиялык терминдерде жыш колдонула баштаган [Ww] тамгалуу сөздөрдүн келечекте дагы да арта турганы айкын болуп калды. Анын латынча алфавитте болбой калышы жазууда кемчилдик жаратпай койбойт.

Кирил жазуусунда бул тамганын символу болбогону үчүн бул тамга менен башталган энчилүү аттар чаржайыт жазылып келген: WalesУэльс, watt - ватт, Washington – Вашингтон, William УильямВильямВильгелм ж.б.

Талкууда талаш жараткан бир башка маселе алфавитке артчыл сызылма жумшак үнсүзү үчүн [Hh]; көмөкөйчүл жарылма каткалаң үнсүз үчүн [Xx] тамгаларынын алынышы болду. Бул тамганын экөө тең 1929-жылкы кыргыз латын алфавитинде орун алган тамгалар.

Орус алфавитинде [Hh] тамгасынын атайын символу болбогону үчүн эл аралык сөз жана терминдерде жыш жолуккан бул тыбышты (г) тамгасы менен жазып келгенбиз: hektar - гектар, hemoglobin-гемоглобин, hypnosis-гипноз, hybrid-гибрид, Hegel-Гегел, Haydn-Гайдн, Holland-Голландия, ж.б. ; сөз башында таптакыр түшүрүлүп калган учурлары да бар: homonym-омоним, hippodrome-ипподром, humour - юмор ж.б.

Латын жазуу талаасына кирилгенде орус орфографиясындагыдай жазыш мүмкүн болбой кала турганы үчүн [Hh] тамгасына зарылчылык туулбай койбойт. Ошол эле учурда бул тамга “Инарипте мурун кирил жазмасында [Хх] менен жазылып келген эл аралык жана төл сөздөрүбүздүн баары үчүн да колдонулмакчы.

Ал эми латынчанын классик (Xx] (икс) тамгасы дүйнө тилдериндеги терминдерди, энчилүү аттарды, рим цифраларын так чагылдырууга көмөк берип, алфавитибиздин эл аралык мүнөзүнүн да жетиктигин камсыз кылмакчы.

Алфавиттин жалпы тизимин визуалдык сыпаттоодо окурмандын кабылдоосун жеңилдетүү үчүн Ww, Xx, Žž тамгаларын жогорудагы жадыбалда кыргыздын 30 төл тамгасынын алдында өзүнчө бердик, бирок негизги алфавит тартибинде алар өздөрүнүн салттык орундарын сакташат.

Жаңыдан түзүлө турган кыргыз латын алфавитинде классик латын алфавитинин аталган тамгаларынын, ошондой эле өз адабий тилибиздин тыбыштарынын да кемчилсиз алынышы – бул кыргыз латын алфавитин улуттук да, эл аралык да талаптарга толук жооп берген заманбап алфавит сапатына ээ кылмакчы.

Алфавитти түзүүдө таянган дагы бир принцип – түрк элдеринин учурда колдонулуп же жаңыдан долбоорлору сунушталып жаткан латын алфавиттери менен орток жактарынын мүмкүн болушунча сакталышы болду.

Мында 1991–жылы 18–20-ноябрда Самбулда өткөрүлгөн Биринчи Эл аралык Заманбап Түрк Алфавиттери Симпозиуму тарабынан негизи түптөлгөн, 1992-жылы Анкарада өткөн Туруктуу Түрк Тили Курултайы (Sürekli Türk Dili Kurultayı. Ankara: Kültür Bakanlığı Yayınları, 1992.); 1993-жылы Түрк мамлекеттик делегациялары кол койгон Анкара Келишими (Кыргыз делегациясында академик Б.Ө.Орузбаева, проф. Салижан Жигитов, ал кездеги профессор Абдыганы Эркебаевдер болгон.), 2018-жылы 20–21-ноябрда Стамбулда өткөн Экинчи Эл Аралык Заманбап Түрк Алфвиттери Симпозиуму сыяктуу маанилүү эл аралык шеринелердин чечимдери маанилүү роль ойноду.

Албетте, түрк алфавиттеринин 1927-жылкы “Яналифсыяктуу толук унификациясынан азырынча сөз кыла албасак да, “Көч бара бара түзөлөт деген кыргыз макалындай, тажрыйбалардан улам сабак алган сайын түрк элдеринин латын алфавит варианттары улам жакшырып, орток жактары арбып баратканы абдан дурус көрүнүш.

Албетте, биз сунуштап жаткан кыргыз латын алфавитин – “Инарипти” телегейи тегиз, ушул тейден дароо расмий кабыл алынууга татыктуу деп таңуулоодон алыспыз.

Кыргыз маданий коомчулугу, илимпоздору жана саясатчыларынын бул жалпы элдик маселени ачык жана ар тараптуу талкуулап, тиешелүү чечим кабыл алганга интеллектуалдык да, жарандык да кудуреттери жетерине шегибиз жок. Атаандаш долбоорлор талкууланса, ийисине жеткирилсе, жети өлчөп, бир кесип туруп, эң туура жазууга ээ болорубуз ажеп эмес.

Профессор Гүлзура Жумакунова өзү даярдаган латын алфавитинин жаңы долбоорун тааныштырууда. Бишкек. 2019-жылдын 10-сентябры.
Профессор Гүлзура Жумакунова өзү даярдаган латын алфавитинин жаңы долбоорун тааныштырууда. Бишкек. 2019-жылдын 10-сентябры.

Автордун темага байланыштуу айрым эмгектери:

Сumakunova, G. (2001). “Kırgızistan’da Alfabe Meselelerinin Gelişmesi”. Türksoy. Türk Dünyası Kültür, Sanat, Haber ve Araştırma Dergisi. Sayı 2 Ocak, 11-15.

Сumakunova, G. (2001). “Kırgızistan’da Alfabe Meselelerinin Gelişmesi”. I. Uluslar arası Atatürk ve Türk Halk Kültürü Sempozyum Bildirileri (6-7 Ekim 2000). 65-70.

Сumakunova G. (2002). “Kırgız Türkçesinin Tarihsel Aşamaları Üzerine Düşünceler” Çağdaş Türklük Araştırmaları Sempozyumu Bildirileri. Ankara Ün. Yay., Ankara, 74-93.

Сumakunova, G. (2008). “Kırgız Türkçesinin Latin Alfabesine Geçişinde Dikkate Alınacak Noktalar”. VI. Uluslararası Türk Dili Kurultayı Bildirileri. (20-25 Ekim 2008, Ankara). I. Cilt, TDK Yay., Ankara, 951-961.

Cumakunova, G. (2019). Qırğız Latın Alfaviti. İnarip. (Dolboor). Bilimtay, Bişkek.

Cumakunova, G. (2019). “Kırgız Dilinin Yeni Latin Alfabesi Önerisi Üzerine”. XI. Uluslararası Dünya Dili Türkçe Sempozyumu (16-18 Ekim 2019, Samsun). Bildiri Kitabı. 1018-1023. ISSN: 978-605-61301-1-3

Cumakunova, G. (2020). “Türk Halkları Latin Alfabelerinde Harf Eşleştirme Meselesi”. Siyasi, Sosyal ve Kültürel Yönleriyle Türkiye ve Rusya. (Edit. Osman Köşe). Ankara: Berikan Yayınevi. -103-114. ISBN 978-625-7254-24-3

Cumakunova, G. (2020). “The Issue of Unification of Letters in the Latin Alphabets of the Turkic Nations”. 3rd International Turkish-Russian World Academic Research Congress. Social Siences (07-08 November, Ankara, Turkey). Abstract Book. (Edit.Osman Kose). Ankara: Asos Yay. 2020. ISBN 978-625-7813-266. -30-31.

Cumakunova, G. (2020). “Diacritics in the Alphabets of World Languages”. International Dialogue Platform. (October 21, 2020, Nur-Sultan). Organized by Ministry of Culture and Sports of the Republic of Kazakhstan Language Policy Committee.

Гүлзура Жумакунова,

профессор,

Анкара университети, Түркия.

Ред.: Автордун пикирин “Азаттыктын” редакциялык туруму катары кабыл алууга болбойт.

XS
SM
MD
LG