Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Жазма түрлөрү – улуттук ынтымакка данакер


1930-жылдардагы кыргызча латын жазмасынын имарат дубалында сакталган өрнөгү. Бишкек.
1930-жылдардагы кыргызча латын жазмасынын имарат дубалында сакталган өрнөгү. Бишкек.

Кыргыз улуту атаандаш колдонуп келе жаткан алфавиттердин реформасы тууралуу талкуу кыргыз тилинин дүйнө жүзүндөгү болочок тагдырын да аныктайт. Бул талкуу улуттук биримдикке кедерги тийгизбестен, тескерисинче, жаңы деңгээлдеги биримдикке жол табуунун ачкычы боло алат. Тарыхчынын ой толгоосу.

Талкуу – тактыкка көпүрө

Интернеттеги коомдук тармактарда кыргыздын латын жана башка алфавиттери тууралуу кызуу талаш жүрүүдө. Айрым учурларда кээ бир замандаштар өз жүйөсү чабал сыяктанганына туталанып, кайчы пикирдеги улутташынын керт башына асылганын да окуп жүрөбүз.

Латын алфавитин калыбына келтирүү маселесин ушул саптардын ээси өзү үчүн улам жаңы деңгээлден карап жатканын тана албайт.

Ар ким өз оюнда калууга акылуу жана жаңы маалыматтардын негизинде өз оюн өзгөртүүгө да укуктуу.

Эң башкысы – айдыңдык баарлашуунун тынч жолу менен латын жана башка алфавиттерибиздин заманбап көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечип алуу мүмкүнчүлүгү өзүбүздүн колубузда тургандыгын унутпасак болду.

Төлөмүш аганын тергичи

1991-жылдын акыркы айларында кыргызча латын алфавитин азыркы Түркиядагы боордоштордукундай (алардын арасында түрктөр гана эмес, Түркия атуулдугун алган кыргыздар да бар болчу) вариантта колдонуу зарыл деп макала жазганым эсте. Ошол тапта “Кыргыз Туусу” (мурдагы “Советтик Кыргызстан”) гезитинин редактору Тилектеш Ишемкулов агайдын колдоосу менен бул гезитке бирдей эле кыргызча текстти кирил жана латын арибдеринде жарыялаган элем.

Ошол латын арибиндеги текстти терген машинка тууралуу да айта кетпесек болбос. СССРде мындай тергич машинканы табуу өтө кыйын маселе болчу. Алар коопсуздук кызматтары тарабынан атайын эсепте турчу деп да айтышат. 1980-жылдары Масква, Ленинграддан алысыраак шаарларда даярдалган илимий диссертацияларда жана ротапринт менен чыккан илимий эмгектерде латын арибиндеги тексттер көбүнесе кол менен жазылчу.

Жакында Маматиса Арал (“Азаттык” үналгысынын айтылуу “Эркин-Тоолук” адабий ысымы менен чыккан ардагер кызматкери; анын ысымы латынча Mamat Isa Aral деп жазылат) агайыбыз менен уюкфондон баарлашып калдым. Ал азыр Германияда байырлайт. Келээрки жылы жайында ал 70тин кырына чыкмакчы.

Сагынычты жазышкан узун сабак сөздөрдүн арасында Маматиса агабыз 1991-жылы жетинин айынын (ноябрдын) соңунда Мүнхенге барган алгачкы сапарым карып жаткан чакта мага белекке берген латын арибиндеги машинка тууралуу да эскерип калды.

Анын пайдасы чоң болгонун, Ата журтка келгенден көп узабай “Кыргыз Туусу” гезитине дал ушул тергич менен кыргызча латын текстин терип, сүрөтүн жарыялаганымды ыраазы боло айтсам, Маматиса агабыз “Кыргыз Туусунун” ошол номурлары да өзүнө жеткенин эскерди. Көрсө, дал ушул машинканы ага ыраматылык Төлөмүш Жакып уулу (1926—1992) агайыбыз мурдараак тартуулаган экен.

Төлөмүш Жакып уулу “Азаттыктын” Мүнхендеги алгачкы баш кеңсесинде Азамат Алтайдан (19202006) кийин келип иштей баштаган жана Кыргыз кызматы өз алдынча бөлүнгөндөн тартып анын алгачкы деректири болгон даңазалуу журналист.

Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндегы кыргызча текст латын алфавитинде жазылган. 1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндегы кыргызча текст латын алфавитинде жазылган. 1937.

Үч аргымак

Бул учурду эскерип жатканым: айрым кыргызстандык замандаштарым латын алфавитин биздин улутубуз тээ 1940-жылы эле тарых чаңында калтыргандай кеп салып калышат.

Кытай Эл Республикасында кыргыздар латын алфавитин колдонуп, кийин гана кайрадан эне тилибизге ылайыкталган араб алфавитине өткөнүн, ал эми Батыш Европада жана Түркия жумуриятында кыргыздар латын алфавитин ырааттуу колдонууну улантышкандыгын алар этибарга алышпайт.

Демек, XX кылымдын экинчи жарымында дүйнөдөгү кыргыздар бирдиктүү эне тилибиздин арабасына бир учурда үч аргымакты чегип келишкен:

Кыргызстанда (жана мурдагы СССРде) 1940-жылдан тартып кирилл жазмасы колдонулуп келсе, Батыш Европа менен Түркиядагы кыргыздар – латын жазмасын, ал эми Кытай Эл Республикасы, Ооганстан, Пакистанда жана бир катар араб мамлекеттеринде байырлап жаткан кыргыздар болсо – алигиче араб жазмасын колдонуп келет. Эми Өзбекстан сыяктуу латын жазмасына өткөн боордош мамлекеттердеги кыргыздар да латын жазмасын колдоно башташты.

Дал ушул жагдайларга жаңыча сересеп салган соң, ушул саптардын ээси XXI кылымдын экинчи ондугунда өзүнүн мындан отуз жылдай мурдагы түшүнүгүнөн таптакыр башкача түшүнүккө көтөрүлдү деп айта алам.

Ал – кайсы түшүнүк?

Бул – жогоруда эскерилген үч аргымакты тең бири-бирине сүйөнүч кылып пайдалана берүү зарылчылыгын таануу.

Маркум Жусуп Мамайды эскерген кыргызча арап жана кирил жазма тексттери. Ак-Чий, КЭР. 01.6.2014.
Маркум Жусуп Мамайды эскерген кыргызча арап жана кирил жазма тексттери. Ак-Чий, КЭР. 01.6.2014.

Биз, Кыргызстанда кирилл жазмасын расмий пайдалануу менен бирге, Кытайдагы кыргыздардын араб жазмасын колдоно берүү укугун чектей албайбыз.

Бул жазмада Кытайда “Манас” эпосунун жана башка дастандардын варианттары, анын ичинде залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын (19182014) көөнөргүс чыгармалары, он миңдеген китептер, ондогон гезит-журналдар жарыяланып келет.

Анын сыңарындай эле, Түркиядагы кыргыздардын латын арибиндеги жазма маданиятты ийгиликтүү улантып жатканын да көрмөксөнгө сала албайбыз. 1990-жылдардан тартып бул боордош өлкөдө кыргыз тилинде, бирок латын арибинде бир катар эмгектер, жыйнактар жарыяланган. Алардын арасында биздин да айрым макалаларыбыз бар.

(Мисал: Mahmud Kaşgarinin «Divanının» orto kılımadarda cana cañı doordo maalım boluşu tuuraluu // Dil Dergisi. — Ankara. — 1995. — No 27. — S. 33-37. — (TÖMER).

Ал эми эгемен Кыргызстан – дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын көз карандысыз мамлекети катары өкүм сүрүп жаткан көзгө басар өлкө.

Кыргызстандын бийлиги жалаң гана бул өлкөдөгү мамлекеттик тилдин кызыкчылыгын, мындагы расмий жазма болгон кыргызча кирилл жазмасынын тагдыын ойлоп чектелбеши керек.

Эгемен Кыргызстандын бийлиги, мындагы илимий-агартуу катмарына таянып, жалпы дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын кирилл, араб, латын жазмаларын бир системага салуу милдетин аткарышы абзел.

Алдыдагы милдеттердин бири – латын алфавитинин чаржайыт колдонулуп жаткан варианттарын ар тараптуу талдап, кыргыздын орток латын алфавитин расмий тастыктоо иши.

Кыргызстан “кирилл жазмасынан эч качан баш тартпайбыз” деген күндө да ушул милдетти чукул арада жүзөгө ашырышы абзел, анткени латын алфавити дүйнөнүн башка аймактарында кыргыз тилине ырааттуу кызмат кылып жатат.

Учурда Кыргызстандын бийлиги санарипке өтүү, Интернетти ургалдуу пайдалануу стратегиясын жүзөгө ашырууда. Алфавиттик реформа бул стратегиянын алкагында жүзөгө ашырыла алат.

Тыбыш – тамга шайкештиги

Эгерде кыргыз тилиндеги тыбыштарды бир эле учурда үч алфавитте чагылдыруунун жол-жобосу Кыргыз өкмөтү тарабынан расмий тастыкталса, анда санарип доорунда бул алфавиттин ар бириндеги кыргызча текстти кыргызча башка алфавитке көз ачып-жумгуча которуп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алабыз.

Эсимде, маркум Аким Өзгөн (19532017) XXI кылымдын алгачкы ондугунда “Азаттыкка” айрым кыргызча макалаларын электрондук кат менен латын алфавитинде жөнөтөөр эле. Ошол кезде “Азаттыкта” иштеген таланттуу компүтерчи адис Эркин Истемесов инибиз бир программа түзүп берген. Ал программага ылайык, Аким Өзгөндүн латын арибиндеги кыргызча тексти кирил жазмасына көз ирмемде эле которулуп калчу.

Андан кийинки редакциялык машакатыбыз латын жана кирил жазмаларындагы шайкеш келбеген жагдайларга байланыштуу болчу (кирил жазмасындагы Ё, Ю, Я, Ц, Щ, Ь, Ъ сыяктуу ашыкча тамгалар маселесин эле назарыңыздарга салсак болот).

Албетте, алфавиттин жаңы вариантын түзүү оңой иш эмес: сунушталган ар кыл варианттын өксүгү жана жетишкендиги болушу мүмкүн.

Кирил жазмасына биз Қ (каткалаң к), Ғ (каткалаң г), Җ (орустар колдонгон жумшак ж), Ӓ (ичкилик диалекттеги Ә) сыяктуу ариптерди кошуп, йоттошкон тамгаларды жана Ь, Ъ белгилерин жойсок дурус болмок. Мында Ӓ тамгасы диалектилик терминди өтө так берүү үчүн сейрек колдонулушу ажеп эмес. Бирок бул тамга да алфавитте “өз саатын күтүп” туруктуу жайгашканы алгылыктуу.

Албетте, айрым орусча тексттерде Ё, Ю, Я, Ц, Щ, Ь, Ъ кадимкидей колдонула берет, бирок кыргызча тексттеги варианттарда “медаль”, “объект”, “цемент” деген орусча сөздөр мындан ары “медал”, “обйект”, “семент” делип, кыргызча “коён”, “моюн” сөздөрү болсо “койон”, “мойун” деп ж.у.с. жазылуусу шарт деп ойлойм.

Бул өзгөртүүлөр кыргызча тексттерди кирил жазмасынан араб жана латын жазмасына көз ирмемде (секундга жетпеген аз убакыт ичинде) өткөрүүгө санариптик мүмкүнчүлүк ыроолойт.

Кыргыздардын аты-жөнүн ID карталарда, чет өлкөгө чыгуучу паспорттордо, банк маалыматтарында латынча жазууга туура келип жаткан азыркы тапта кыргызча латын алфавитин ирээтке салып алуу зарылчылыгы бышып жетилгендигин мурда да жазган элек.

Эми алдыдагы көйгөй – ушул үчилтик аргымакты эне тилибиз үчүн бир системага салып алуунун зарылдыгын айдыңдар жана саясатчылар бирдей аңдашына жетишүү.

Өзгөчө бул иш – геосаясий жагдайга баш оорутууга мажбур болгон кыргыз саясатчылары үчүн олуттуу машакат.

Анткени алардын бир далайы латын жазмасы дегенде эле ачууланган Владимир Путиндин жүзүн көз алдына элестетип, “расмий Кремлдин каарына кабылабыз го” деп чочулай башташат. Аларга: “Кыргызстан кирилл жазмасын ырааттуу колдоно берет, бирок латын жана араб жазмаларын да эне тилибиздин кызыкчылыгында тартипке салып алууга эгемен мамлекетибиздин өкмөтүнүн акысы бар” деп, “апаптап” айта кеткибиз келет.

Мурдагы макалаларыбызда айтылган жүйөнү кайталасак, Орусия кирил жазмасын орус тили үчүн расмий сактап жатканына карабастан, орус тыбыштарын латын, араб жазмаларында жана кытай иероглифинде кандайча чагылдыруу керектигин XX кылымдын экинчи жарымында эле расмий түрдө биротоло орток системага салып алган.

Ушул орус тилине таандык системанын айырмалуу жактарын аңдабастан, биздин расмий бийликтер паспортто кыргызча ысымды жазууда орусча жумшак Ж тыбышы үчүн белгиленген ZH кош тамгасын кыргызча каткалаң Ж тыбышы үчүн колдонуп жаткандыгы, кыргыздын латын алфавитине Ö, Ü, Č, Ğ, Ň, Q, Ç сыяктуу тамгаларын, ал эми ичкилик диалектисине таандык сөздөр үчүн Ä сыяктуу тыбыштарды киргизүүдөн чочулап жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт.

Талкууга татыктуу долбоор

Эми сөзүбүз кургак болбосун үчүн, ушул үч алфавитти кыгыз тилине ылайыктап орток колдонуунун бир өрнөктүү системасын сунуштоо жагына келелик.

Кыргыздын дилгир, таланттуу жаштарынын бири – Бахтийар Шаршеев (Bahtıjar Şarşeev) мырза. Ал Интернеттин коомдук тармактарында кээде Bahti Brati адабий ысымы менен да жазып жүрдү. Жакында Бахтийар мырза кыргыздын заманбап алфавиттеринин салыштырма жадыбалын "Фейсбук" аркылуу жарыялады.

Талкуу үчүн ошол вариантты бул жерге жарыялоону эп көрдүк (азыркы тапта менин купулума толгон вариант – дал ушул экенин сыр кылбастан ачык айта кетейин).

Жаш кыргыз блогчусу Бахтияр Шаршеев (Бахти Брати) сунуштаган кыргыз тилинин жаңы латын алфавитинин салыштырма жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.
Жаш кыргыз блогчусу Бахтияр Шаршеев (Бахти Брати) сунуштаган кыргыз тилинин жаңы латын алфавитинин салыштырма жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.

1992-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлеринин Бишкектеги жогорку даражалуу жыйынында орток түрк латын алфавитин түзүү идеясы колдоого алынган.

Андан бери кыйла суу акты. Түркия бийлиги өзүнүн латын алфавитине башка тектеш элдерге таандык тыбыштар үчүн кошумча тамгалар киргизүүгө барган жок. Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан (эми – Казакстан дагы) таптакыр башка латын алфавиттерин түзүп алышты.

Ушундай шартта Кыргызстан деле кыргыз тили үчүн өзүнө ыңгайлуу латынча вариантты тактап алуусу абзел.

Бахтийар Шаршеев инибиз деле түркиялык түрктөрдүн негизги тамгаларын кабыл алып, маселен, Ө, Ү, Ч тамгалары үчүн түрктөр колдонуп жаткан латынча Ö, Ü, Ç (астында куйрукча) тамгаларын сактап калууну жактайт. Тек гана Ы, Й, каткалаң К, каткалаң Г, Ң, Ж тыбыштары үчүн ал Y, J, Q, Ğ, Ň, Č (үстүндө таажы), деген тамгаларды сунуштайт.

Эми ушул вариантты талкуулап, жалпы коомчулуктун пикирин, башка болжолдуу сунуштарын да карашыбыз абзел.

Дагы баса белгилеп айтам, латынча алфавитти жөнгө салып алуу иши кирилл жазмасынан баш тартуу дегенди туюнтпайт. Арап арибиндеги жазмабыз үчүн КЭРдеги кыргыздардын азыркы варианты толук жарамдуу; тек гана анча-мынча кошумча тамгаларды киргизе кетүү абзел (жогорудагы Б.Шаршеевдин жадыбалынын тиешелүү устундарын караңыз).

Руна сымал жазма – таберик

Албетте, кыргыз улуттук жазма тарыхыбызды аздектеген замандаштарыбыз “сиз деле тарыхчы катары кайдыгер карабаңыз. Энесайдагы орто кылымдардагы руна сымал жазмабызды деле расмий колдоно баштайлык, ушул пикирибизди да колдосоңуз!” деп мага көп кайрылышканын жашыра албайм.

Кошо-Цайдамдагы VIII к. таандык түркчө текстте оңдон солго Т, Ң, Р, И деген төрт тамга аркылуу “Теңри / Теңир” сөзү жазылган.
Кошо-Цайдамдагы VIII к. таандык түркчө текстте оңдон солго Т, Ң, Р, И деген төрт тамга аркылуу “Теңри / Теңир” сөзү жазылган.

Түрк элдеринин орток руна сымал жазмасын илимий адабиятта шарттуу түрдө “Орхон-Энесай жазмасы” дешет, бирок бул жазманын өрнөктөрү Евразиянын көптөгөн аймактарында, анын ичинде Кыргызстандын Талас, Ысык-Көл, Кочкор сыяктуу өрөөндөрүндө дагы табылган.

Бул жазманы жалаң гана кыргыздарга таандык болчу деп “энчилеп алуу” туура эмес. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары аны “Кыргыз жазмасы” деп атоону сунуш кылганда, биз башка да тарыхый фактылар аркылуу бул жазма түрк калктары үчүн орток мурас экендигин, анын ичинде, албетте, кыргыздын да улуттук жазмасы болгондугун тастыктап айтканбыз.

Руна сымал жазма азыркы санарип доорунда дүйнөлүк системага салынып, компүтерде кыйла жеңил териле баштады (айрым гана тамгалары так чагылдырыла элек). Бирок бул көөнө жазманы жалпы улутка күндөлүк колдонуу үчүн таңуулоо азырынча майнапсыз экендигин түшүнүп турам.

Азыркы баскычта бул көөнө жазмабызды үйрөнүүгө дилгир жаштар үчүн улам жаңы кызыктыруучу шарттарды жарата беришибиз керек. Албетте, жаш муундар жана мектеп окуучулары үчүн Интернетте мултимедиялык каражаттар аркылуу руна сымал жазманы үйрөтүү далалаттары ушул күндөрү да жасалып жатканы да кубандырат (Элери Битикчи ж.б. жаштардын аракеттери буга далил).

Кыргыздын ай аттары чагылдырылган 2019-жылдын жылнаамасы. Бахти Брати. 04.1.2019.
Кыргыздын ай аттары чагылдырылган 2019-жылдын жылнаамасы. Бахти Брати. 04.1.2019.

Корутунду сөз

Эне тилибиз Антарктикадан башка бардык аймактарга чачыраган улутташтарыбыз үчүн орток асыл-нарк.

Эми эне тилге кызмат кылып жаткан заманбап алфавиттердин бардыгы эч кандай араздашуунун себепкери эмес, тескерисинче, улуттук жана этностор аралык ынтымактын кубаттуу данакери болууга тийиш.

Демек, башкы маселе – эне тилдин кайсы бир жазма түрүнүн көйгөйлөрү менен чектелбейт.

Өзөккү маселе – бүгүнкү муундарыбыздын өкүлдөрү биргелешип, ынтымакташып, баарлашуу, талкуу жана бир пикирге келүү менен орток баалуулугубуз үчүн чогуу-чаран чечимге келишинде жана анын натыйжасында үч алфавиттин орток жадыбалын расмий кабыл алышында. Менимче, буга кудуретибиз толук жетет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG