Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:45

Казак жана кыргыз латын алфавиттерин реформалоо


“Манас” эпосунун бөлүмдөрүнүн кыргызча латын алфавитиндеги басылмалары (сол жактагы жогорку бурчтагы китеп – 1925-жылы Москвада кыргыздын арап алфавитинде чыккан Тыныбек Жапый уулунун айтуусундагы “Манас”).

Кыргызстан эгемендикке толук ээ болгон 1991-жылы кыргыз айдыңдары эне тилдеги латын алфавитин кайра түзүү маселесин байма-бай көтөрүшкөн. Андан бери 30 жылдай өттү. Бирок иш ордунан жыла элек. Түрколог, кыргыз таануучу, блогер Бахтияр Шаршеевдин бул макаласы заманбап казак жана кыргыз латын жазмаларынын көйгөйлөрүнө арналат.



Жалпыга маалым болгондой, жакында Казакстандын өкмөтү казак латын алфавитинин жаңы вариантын сунуштады.

Өкмөттүн расмий билдиргенине караганда, казактардын эне тилинин өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жаңы алфавит 40тан ашуун сунуштун ичинен иргелип, терең салыштырылып тандалган вариант болуп саналат.

Казак латын алфавитинин соңку варианты. Жадыбал. 2021.
Казак латын алфавитинин соңку варианты. Жадыбал. 2021.


Казак латын алфавитинин бул соңку вариантында 31 тамга бар.

Казак тилинин өзгөчөлүктөрү дурус чалыгдырылган бул алфавиттик вариантта казак тилине таандык 28 тыбыш толугу менен камтылган.

Анда азыркы ә(ä), ө(ö), ү(ü), ұ(ū) жана ғ(ğ), ш(ş) тамгалары диакритикалык тамгалар менен берилген.

QWERTY боюнча казак тилинин тергичи.
QWERTY боюнча казак тилинин тергичи.


2021-жылдагы казак латын алфавитинде эл аралык колдонууда бар умляут ( ̈ ), макрон ( ˉ ), седиль ( ̧), бревис ( ̌ ) диакритикалык белгилери колдонулган.

Алфавит, айрым кабарларга караганда, азыркы казак тилинин "бир тыбыш – бир тамга" принцибине толук шайкеш келип турат» делет.

Булактар:
• https://primeminister.kz/ru/news/a-mamin-provel-zasedanie-nackomissii-po-perevodu-alfavita-kazahskogo-yazyka-na-latinskuyu-grafiku-280497
• https://www.azattyq.org/a/31074182.html
• https://ru.sputnik.kz/society/20210128/16154912/perevod-kazakhskogo-yazyka-na-latinitsu.html



2017-жылдан бери бул вариант – Казакстанда каралган төртүнчү расмий сунуш болуп саналат.

Кандай болсо да, казак боордошторубуз латын алфавитин калыбына келтирүүдө узун жолду басып өтүп, илимпоздордун сунуштарына ар тараптуу назар салып, жыйынтыктоо сересине чыгып калды десек жаңылышпайбыз.


Эми, эгерде кыргыз тили дагы бир күн латын арибине өтө турган болсо же кирил менен араб жазмалары менен бирге латын алфавитин удаалаш колдонууга өтчү болсо (Татарстандын мындай аракетине Кремль тарабынан бөгөт коюлду), анда Казакстандагы сыяктуу узак жылдарды камтыган тажрыйбалык кадамдарды кайталабоо үчүн кыргыз тарап төмөнкү шарттарга көңүл коюусу керек:


• "Бир тыбыш – бир тамга" эрежесин кармануу.
• "Бир тыбыш – бир тамга" эрежесинин алкагында, стандарт латын арибинин эне курамына кирбеген кошумча тамгалардын санын, мүмкүнчүлүк болсо, азыраак тутуу. Мүмкүндүк берилбеген учурларда андай тамгалардын кенен колдонулган, таанымал вариантын тандоо.
• Тарыхый жактан алганда, улантуучулук принцибин сактап туруу.
• Түрк тилдүү өлкөлөрү менен ортоктоштук турумун тутуу. Айтмакчы, бул ортоктоштук айрым кыргыз диалекттеринде сүйлөгөн улутташтарыбыз колдонушу үчүн кеңири мүмкүнчүлүк жаратууга да өбөлгө түзөт.


Ушул шарттарды көңүл борборунда тутуп, биз жаңы (ылайыкташтырылган) кыргыз латын алфавитинин вариантын назарыңыздарга сунуштайбыз.

Кыргыз латын алфавитинин варианты (даярдаган – Бахтияр Шаршеев).
Кыргыз латын алфавитинин варианты (даярдаган – Бахтияр Шаршеев).


Эне тилибиз үчүн биз сунуштап жаткан бул латын алфавитинин жаңы вариантына негиз катары,

бир жагынан, Кыргыз АССРинде (1936-жылдын соңунан кийин Кыргыз ССРинде) 1920-жылдардын аягынан баштап 10-15 жылдай колдонулуп, андан соң сталинчилдер тарабынан жокко чыгарылган, 1941-жылдан кийин эмиграциядагы түркстандыктар тарабынан бир нече өзгөрүүлөр менен 1950-жылдарга чейин колдонулган кыргыз латын алфавити алынды;

экинчи жагынан, алгачкы кыргыз латын алфавити менен дээрлик бирдей убакта (1928-жылы) иштелип чыккан жана кыргыз латын алфавити менен бир катар жалпылыктарга ээ болгон Түркия жумуриятынын заманбап түрк латын алфавитинин айрым тамгалары колдонулду.

Касым Тыныстановдун “Эне тилибиз” окуу китеби.
Касым Тыныстановдун “Эне тилибиз” окуу китеби.


1930-жылдардагы кыргыз латын алфавитинин тамгалар курамы:

Aa[а], Bʙ[б], Çç[ж], Cc[ч], Dd[д], Ee[е], Ff[ф], Gg[г], Ƣƣ[ғ], Hh/Xx[х], Ii[и], Jj[й], Kk[к], Qq[қ], Ll[л], Mm[м], Nn[н], Ꞑꞑ[ң], Oo[о], Ɵɵ[ө], Pp[п], Rr[р], Ss[с], Şş[ш], Tt[т], Uu[у], Yy[ү], Vv[в], Ьь[ы], Zz[з].

Токтогул Сатылган уулунун ырлар жыйнагы (редактору Жоомарт Бөкөнбаев).
Токтогул Сатылган уулунун ырлар жыйнагы (редактору Жоомарт Бөкөнбаев).


1940-жылдардагы кыргыз латын алфавитинин тамгаларынын өзгөрүүлөрү:

Bʙ > Bb [б]
Ɵɵ > Öö [ɵ]
Yy > Üü [ү]
Ьь > Ĭ ĭ [ы]

Манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Макел-дөө” жомогу.
Манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Макел-дөө” жомогу.


1940-50-жылдардагы кыргыз латын алфавитинин тамгаларынын курамы:

Aa[а], Bb[б], Çç[ж], Cc[ч], Dd[д], Ee[е], Ff[ф], Gg[г], Ƣƣ[ғ], Hh/Xx[х], Ii[и], Jj[й], Kk[к], Qq[қ], Ll[л], Mm[м], Nn[н], Ꞑꞑ/Ṇṇ[ң], Oo[о], Öö[ө], Pp[п], Rr[р], Ss[с], Şş[ш], Tt[т], Uu[у], Üü[ү], Vv[в], Ĭĭ[ы], Zz[з].

Эми тарыхка кылчайып, айрым башка өрнөктөрдү да сунуштай кетелик.

Латын арибиндеги кыргыз тилиндеги бир нече аталыштагы китептер жана документтер.
Латын арибиндеги кыргыз тилиндеги бир нече аталыштагы китептер жана документтер.


1930-жылдардагы кыргыз латын алфавитиндеги басылмалардан жана китептерден айрым мисалдар эч кимди кайдыгер калтырбайт болуш керек.

Касымалы Баялиновдун “Ажар” повести. 1928-жыл.
Касымалы Баялиновдун “Ажар” повести. 1928-жыл.

Булардын арасында Касымалы Баялиновдун айтылуу “Ажар” повести, Алыкул Осмоновдун чыгармалары бар.

Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы.
Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы.

Ошол доордогу даректүү маалыматтардан Кыргызстанда төрөлгөн кишинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн сүрөтү төмөндө тиркелди.

Кыргызча латын арибиндеги жана орусча кирил жазмасындагы туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
Кыргызча латын арибиндеги жана орусча кирил жазмасындагы туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Бул күбөлүктө орусча текст - кирил жазмасында, кыргызча текст - латын жазмасында толтурулган.

Ал эми окуу жайды же мектепти бүткөргөндүгү тууралуу күбөлүктөр да ушундай усулда (эки алфавитте) толтурулууга тийиш болгон.

Кыргыз тилинде латын арибинде билим берүү тууралуу күбөлүк (аттестат).
Кыргыз тилинде латын арибинде билим берүү тууралуу күбөлүк (аттестат).


Демек, 1930--жылдарда -- 1940-жылдардын ортосунда жашаган сабаттуу кыргыздар эки алфавитти тең жакшы билишкен. Улуулары арапча алфавитти да өздөштүргөн.

Эми 1940-жылдардагы айрым башка мисалдарга назар салыңыздар.
Айтылуу манасчы Тыныбек Жапый уулунун вариантынан чакан үзүндү 1925-жылы Москва шаарында кыргызча арап алфавитинде жарыяланган болчу.

Берлинде 1943-жылы Сатар Алманбетов чыгарган Тыныбек Жапый уулунун “Манасы”.
Берлинде 1943-жылы Сатар Алманбетов чыгарган Тыныбек Жапый уулунун “Манасы”.

Тыныбектин айтуусундагы дал ушул “Манас” варианты 1943-жылы Берлинде кыргыздын латын алфавитинде Сатар Алманбетов тарабынан жарыяланган. Бул китептин бир нускасы азыркы тапта Бишкектеги А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук кмтепканасынын сейрек китептер бөлүмүндө сакталууда.

Кыргызча латын арибиндеги айрым чыгармалардан үзүндүлөр. 1940-жылдар.
Кыргызча латын арибиндеги айрым чыгармалардан үзүндүлөр. 1940-жылдар.

Бул соңку мисалдарды биз кыргыз тарыхчысы жана жазуучусу, өзү кыргыздын арап жана латын алфавиттерин мыкты билген айдың Арслан Капай уулу Койчиевдин “Фейсбуктагы” жарыяларынан алдык.



Булак (Арслан Койчиев):
https://www.facebook.com/koichiev.arslan/posts/2989612204394671
https://www.facebook.com/koichiev.arslan/posts/2989929824362909



Эми заманбап кыргыз латын алфавити жаатындагы өзүбүз сунуштап жаткан вариантка кайра токтоло кетсек.

Азыркы тапта (2021-жылдын бирдин айында – февралында) сунушталган өзгөрүүлөр


Сейрек кездешкен тамгалар азыркы түрк элдеринин тилдеринде колдонулуп жаткан латын ариптериндегидей кылып бүгүнкү күнгө ылайыкталып түзөтүлдү:

Ƣƣ > Ğğ [ғ]
Ꞑꞑ/Ṇṇ > Ññ [ң]
Ĭ ĭ > Yy [ы]


Мурдагы кыргыз латын алфавитинин тажрыйбасындагы эки тамга жакын тыбыштарды берүү үчүн мындайча орун алмашты:

Çç > Cc [ж]
Cc > Çç [ч]


Ошентип, өткөн жылдарда өмүр сүргөн ушул мурдагы (1928–50-жылдардагы) кыргыз латын арибинин салттарын колдонууну улантып, демек, элибиздин тарыхый учугун үзбөстөн, кээ бир тамгаларды жаңы доор талабынан шайкеш келтирип, натыйжада биз психологиялык жана илимий жагынан маанилүү болгон “тарыхый улантуучулук принцибин” сактоого жетишебиз.

Демек, биз "жаңы кыргыз латын алфавитин түзүп, аны нөлдөн кабыл алдык, латын жазмасына өттүк" деп эч качан жарыялай албайбыз, мындай жарыялоо тарыхый катачылык болуп калат.

Биз “кыргыз латын алфавитине узак жылдардан кийин кайрадан кайттык (ошондо да, латын алфавитин кирил жана арап ариптери менен бирге үчилтик алфавит стратегиясынын алкагында колдонууга кириштик)" деп жарыяласак – тарыхый чындыкка төп келет.



Анткени, профессор Т. Чоротегин мурда баса белгилеп жазгандай, кыргыздын арап алфавити азыр дагы Кытай Эл Республикасында үзүрдүү кызмат кылып жатат.

Кирил жазмасындагы алфавитти улуу муундагы пост-советтик кыргыздар өмүр бою колдонушуна эч чек койбошубуз керек. Кыргыз латын алфавити удаалаш жана атаандаш негизде интернетте азыр дагы жашап жатат.

Кыргыз латын алфавитинин өнүгүү жолу. Жадыбал.
Кыргыз латын алфавитинин өнүгүү жолу. Жадыбал.

Бул үчилтик алфавитти ырааттуу колдонуу стратегиясы азыр дагы бейрасмий деңгээлде татынакай иштеп жатат, тек гана аны эгемен Кыргызстандын бийлиги саясий эрк көрсөтүп, расмий таанып коюшу кажет.

Кыргыз латын тамгаларынын башка түрк элдеринин латын алфавиттериндеги тамгаларга салыштырма жадыбалы.
Кыргыз латын тамгаларынын башка түрк элдеринин латын алфавиттериндеги тамгаларга салыштырма жадыбалы.

Жогорудагы кош жадыбал кыргыз латын алфавитинин өнүгүү жолу жана тектеш түрк элдеринин алфавиттери менен салыштыруу маселелерин чагылдырат.

Бахтияр Шаршеев сунуштаган кыргыз жана түрк руна сымал алфавитинин орусча жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.
Бахтияр Шаршеев сунуштаган кыргыз жана түрк руна сымал алфавитинин орусча жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.

Кийинки муундарга дал ушул өзгөчөлүктү түшүндүрүү менен бирге, руна сымал кыргыз жазмасын (орхон–өнесай жазмасынын Энесай Кыргыз каганатындагы вариантын) ыктыярдуу өз алдынча үйрөнүүлөрү үчүн айдыңдык (интеллектуалдык) шарт жарата берүүбүз керек.

Тарыхый кыргыз латын алфавитинин биз сунуштап жаткан жаңы реформалык вариантында жалпы тамгалардын саны – отуз (30).

Aa[а], Bb[б], Cc[ж], Çç[ч], Dd[д], Ee[е], Ff[ф], Gg[г], Ğğ[ғ], Hh [х], Ii[и], Jj[й], Kk[к], Qq[қ], Ll[л], Mm[м], Nn[н], Ññ[ң], Oo[о], Öö[ө], Pp[п], Rr[р], Ss[с], Şş[ш], Tt[т], Uu[у], Üü[ү], Vv[в], Yy[ы], Zz[з].


Мунун ичинде “бир тыбыш – бир тамга” эрежесинин алкагында, стандарт латын арибинде болбогон кошумча кыргыз (түрк) тамгаларынын саны – алты (6):

Ç[ч], Ğ[ғ], Ñ[ң], Ö[ө], Ş[ш], Ü[ү].


Алфавиттин жогорудагы эне курамынын тышкарысында, атайын илимий чыгармаларда, диалекттерди иликтөөдө (караңыз: Мурза Гапаров, "Кыштакча"; Сулайман Кайыповдун ооган кыргыздарынын фолклору тууралу эмгектери; Ж.Мукамбаевдин диалектологиялык сөздүгү ж.б.) жана чет элдик айрым терминдердин тыбыштык өзгөчөлүктөрүн таамай колдонууда пайдалуу болчу үч (3) атайын тамга да кошумчаланат:

Ää [ә] /æ/ (mäkä – мәкә – жүгөрү; ичкилик кыргыздарда);

Žž [жумшак җ] /ʒ/ (орусча жана казакча жумшак ж: лыжа, Женя)

Ww [в'] /w/ (bowojt – боwойт – ичкилик кыргыздарда “болбойт” сөзү).


Эми айрым тамгалар жана тыбыштар жаатындагы кеңири түшүндүрмөлөргө келели.

1. Y [Ы] тамгасы:

• 1930–жылдардагы Ь[ы] жана 1940-50-жылдардагы Ĭĭ[ы] белгиси, латын тамга катары бүгүн аз колдонулуп ыңгайлуулугун жоготкондон жаңы бир тамга тандоо керек.
• Кыргыз тилинде [ы] тыбышы [а]'дан кийин эң көп колдонулган үндүү тыбыш (аны чоң көлөмдөгү чыгармалардагы тыбыш эсептөөлөрүнөн биле алабыз) болгондуктан, аны чагылдыруу үчүн кошумча белгилерден эмес, латын алфавитинин эне курамындагы бир тамганы тандоо керек. Булардан таанымалы - "Y" тамгасы.

Бул тыбыштын Y тамгасы европалык чех, поляк элдеринин латын алфавиттеринде бар.

Эл аралык жазууда дагы [ы] тыбышы латынча "Y" тамгасы менен белгиленет:

Kyrgyz (кыргыз), Grozny (Грозный), Navalny (Навальный), Kyzyl (Кызыл), Tyva (Тыва) ж.б.

Айрым кыргыз тыбыштарынын колдонулуш жыштыгын салыштыруу.
Айрым кыргыз тыбыштарынын колдонулуш жыштыгын салыштыруу.

Бул жадыбал - кыргызча тыбыштардын көп колдонулушунун көрсөткүчү.


Түркиялык I[ы] жана İ[и] тамгаларынын колдонуу көйгөйлөрү:

• Кичи ı[ы] тамгасы чекитсиз болуп, кошумча тамгаларга кирет. Мында олуттуу көйгөй деле жок, бирок чоң I[ы] тамгасы англис/стандарт I[и] тармагы менен чаташат. Себеби, техникалык жагынан ал тамга англис I[и]'ге айланып, бир тамганын "эки мааниси" катары чаташуу келп чыгат.

Муну байкоо үчүн кирил-латын транслитераторуна (тамгаларды башка алфавитке оодарган программага) кирип, түрк тергичи менен жазып көрсөңүздөр болот:

Ibragim, İbragim, ibragim, IBRAGIM, İBRAGİM > Ибрагим, İбрагим, ибрагим, ИБРАГИМ, İБРАГİМ

• [и] тыбыштын кичинеси - i. Мында деле көйгөй жок. Бирок чоң İ[и] тамгасы чекити менен жазылып, латын эне курамынан тышкары кошумча тамгалардын саны 8'ге чыгат:

Ç, Ğ, Ñ, Ö, Ü, Ş, İ, I.

[ы]'га "Y" тамгасын кабыл аларыбызда бир гана стандарт латын "Ii" тамгасын колдонгон болобуз. Кошумча тамгалардын саны болсо 6'га түшөт:

Ç, Ğ, Ñ, Ö, Ü, Ş.



2. J [Й] тамгасы:

1-пунктта жазылгандай, [ы] тыбышына "Y" тандалса, [й] үчүн "J" алсак болот.

Мунун ыңгайлуулугун тастыктаган себептер:

• Мурдагы кыргыз латын арибинде "J" тамгасы [й] тыбышы катары колдонулган.

• "J" тамгасы, [й]га туура келген сейрек бир белги болуп саналбайт, анткени Европадагы латын алфавитин колдонгон элдердин жарымы "J" тамгасын [й] тыбышы катары тааныйт:

Германия, Орто жана Түндүк Европа, Скандинавия өлкөлөрү, латын ариби болгон слав өлкөлөрү (Чехия, Польша), латынча, албан, венгр, фин, эстон жана эсперанто тилдеринде кездешет.

Реестрдеги аталышы: “йота” жана “жей”.

Европа өлкөлөрүндө J тамгасынын колдонулушунун өзгөчөлүктөрү. Википедия.
Европа өлкөлөрүндө J тамгасынын колдонулушунун өзгөчөлүктөрү. Википедия.

Жогорудагы Европадагы латынча J тамгасынын тыбыш катары колдонуу чөлкөмдөрүнүн жадыбалы кайдыгер калтырбайт.


3. C [Ж] тамгасы:

Тажик кирил алфавитинде "ҷ" тамгасы "ж" тыбышын, ал эми "ч" тамгасы "ч" тыбышын белгилейт:

"Тоҷик" - "Тожик", "Ҷумҳурии Тоҷикистон" - "Жумхурии Тожикистон" деп окулат.

Азербайжандардын совет кирил алфавитинде да окшош абал болчу:

Ч[ч]- Ҹ[ж].

Азербайжан тилинде Ж тамгасы жумшак Ж тыбышын белгилеген болчу.


Бул, азыркы түркчөдөгү C[ж]-Ç[ч], мурунку латын арибинде Ç[ж] - C[ч], кыргыз араб арибиндеги ج [ж] - چ [ч] шайкештиктерине туура келет.

Бул калктар тарыхый улантуучулук принцибин сактап алышкан.

Ошондуктан, элибиздин жаңы муундары тарыхый учугун үзбөш үчүн, болочоктогу кыргыз латын алфавитине C[ж] - Ç[ч] вариантын тандообуз зарыл деп эсептейбиз.

4. Q[қ], Ğ[ғ], Ä[ә], Ž[җ], W[в'] тамгалары.


Заманбап жалпы каптоонун жана “үчилтик алфавит” стратегиясын так аткара алуунун зарылдыгы тууралуу сөз кылалы.

Кыргыз улутунун дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө колдонууда болгон алфавиттери жаатын алсак, колдонуудагы тигил же бул алфавит Кыргыз Республикасындагы кыргыздарга гана кызмат кылып чектелбейт.

Бүгүнкү кыргыздар –– тээ илгерки замандарда байыркы этнос катары жашаган, Теңир-Тоо, Памир, Алтай, Сибирдин (Шибердин), Кыргыз-Нордун, Манчжуриянын узак бурчунда ж.б. чөлкөмдөргө кийин чачырап жерлешкен кыргыздардын урпактарынын бири болуп саналат.

Бүгүнкү кыргыздар дүйнөнүн көп бөлүгүндө байырлашат. Алардын бир катары латын алфавитин колдонгон континенттерде жашап келишет.

Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет катары кирил жазмасын расмий колдонууну уланта берген чакта деле, дүйнөдөгү диаспора үчүн латын алфавитин расмий Бишкек тартипке салып, латынча бир вариантты расмий таанып коюшу зарыл.

Ал эми кыргыздын арап алфавитин КЭР өзү эле 1950-жылдары расмий таанып алган. Бул кыргыз арап алфавити КЭРдин Кызылсуу Кыргыз автоном облусунда азыр да иштиктүү колдонулуп келе жатат.

Ал эми жаңыртылган кыргыз латын алфавити четте жашаган памирлик, кытайлык, европалык, америкалык, австралиялык ж.б. кыргыз топторуна ийкемдүү, түшүнүктүү, кенен болуусу зарыл.

Блогер Бахтияр Шаршеев. Адана шаары, Түркия. 05.2.2021.
Блогер Бахтияр Шаршеев. Адана шаары, Түркия. 05.2.2021.


* * * * * *

Бул макала тиркелген сүрөт жана жадыбалдарынан улам көлөмдүүрөөк болуп калгандыгы үчүн авторду түшүнүү менен кабыл аласыздар го деп үмүттөнөм.

Макаланын форматы чектелүү болгондуктан, калган ар кандай кызыктуу темалар:
• онлайн кыргыз тилинин жазмалар оодаргычы;
• кирил алфавитиндеги тамгалардын латын алфавитиндеги тамгаларга шайкеш жазылышы;
• тергичтеги (клавиатура) колдонуу маселелери;
• латын алфавтине которулган китептердин, макалалардын, сүрөттөрдүн үлгүлөрү, ж.б. тууралуу
автордун төмөнкү интернет барагынан (сайтынан) кенен маалымат ала аласыздар: https://www.qyrgyz.com/


Терең урматтоо менен,

Бахтият Шаршеев,
кыргыз таануучу, блогер.
Түркия
.

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кароого болбойт.

Пикирлерди көрүңүз (50)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG