Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Коронавирустан абалы өтө оорлоп кеткендер көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан абалы оорлоп кеткендердин саны көбөйүүдө. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын 1-апрелдеги маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканада жаткандардын 4,7% абалы өтө оор деп мүнөздөлүп жатат. Үч күн мурда бул көрсөткүч 3,5% болчу.

Азыр ооруканаларда 504 бейтап жатат, алардын экөөнүн гана абалы канааттандырарлык.

Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат.

100 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен ооруканада жаткандардын 19,8% түзүүдө.

Өтө оор абалдагылар 24 адам.

Мындан тышкары 378 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 75% түзөт.

Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 88 миңге жетти, алардын 1,5 миңи каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG