Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Тарых музейи 31-августка чейин ачылат


Улуттук тарых музейи. (Архивдик фото)
Улуттук тарых музейи. (Архивдик фото)

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөгөн Германиялык компанияга Кыргызстан 200 миңден ашык евро карыз деп билдирди 31-мартта “Азаттыктын” “Эки бир” берүүсүндө. Анын айтымында, айрым жерлери оңдолгондон кийин музей ушул жылдын 31-августтуна чейин ачылат.

“Германиянын адистеринин акысы аягына чейин төлөнбөй калган экен. 200 миңден ашыгыраак евро. Маселе боюнча президент, өкмөт башчы менен сүйлөшүп, жакында Германиянын адистери менен онлайн жыйын болгон. Электрондук иштетүү жабдыктарынын ачкычы алардын колунда экен. Жакында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай ачабыз деп турабыз”, - деди министр.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону мойнуна алган. Бирок, музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Музейди оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шектелген президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Кийин Бишкек шаардык соту Улуттук тарых музейи жана ипподром иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Былтыр 7-декабрда Жогорку сот буга чейинки эки инстанциянын чыгарган өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген.(TSh)

XS
SM
MD
LG