Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:39

Аскер прокуратурасы: Бишкектин мурдагы вице-мэри жана УКМКнын кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аскер прокуратурасы Бишкек шаарындагы кымбат жер тилкелерин берүү боюнча "Мыйзамсыз баюу" жана "Коррупция" беренелери менен тергелип жаткан иштин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин райондордун биринин башкармалыгынын башчысы жана калаанын мурдагы вице-мэри кармалып, Бишкек гарнизонунун убактылуу аскер абагына киргизилгенин кабарлады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүлөрдүн аты айтылган жок. 24.kg агенттиги өз булагына таянып, мурдагы вице-мэр Азиз Алымкулов кармалганын жазды.

Башкы прокуратура кабарлагандай, "шектүү катары кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мэриянын жооптуу кызматкерлерине басым аркылуу мыйзамсыз жер тилкелерин жең ичинен сүйлөшүп алгандарга каттаткан" деп айыпталып жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Азырынча кармалгандардын өзүнөн же адвокаттарынан пикир алууга мүмкүн боло элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG