Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

«Кыргыз темир жолунун» жетекчиси Дашков иштен алынганы расмий тастыкталды


Василий Дашков.
Василий Дашков.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашков иштен алынганын Транспорт жана жолдор министрлиги бүгүн, 1-апрелде расмий тастыктады. Мекеменин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов бул тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди:

"25-мартта премьер-министр Улукбека Мариповдун № 256 буйругу менен Василий Дашков «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын башкы директорлугунан бошотулган».

Бир жыл мурда дайындалган Дашковдун иштен алынышынын себеби айтылган жок. Азырынча жаңы жетекчи дайындала элек.

Ишкананын жетекчиси кызматтан кеткени тууралуу бейрасмий маалымат 30-мартта чыккан, бирок басма сөз кызматы аны тастыктаган эмес жана «Дашков иш ордунда отурат» деп билдирген.

Буга чейин айрым жарандык активисттер Василий Дашковду коррупциялык иштерге аралашканына шек санап, кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Дашков өзү ал дооматтар боюнча комментарий берген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG