Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Акын Жолон Мамытовдун 80 жылдыгы белгиленет


1-2-апрель күндөрү Ош шаарында акын Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттар өтөт.

Иш-чара Жолон Мамытов атындагы фонддун демилгеси менен, Ош шаардык мэриясынын, “Кара-Суу” коомунун, ОшМУнун колдоосу менен уюштурулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жолон Мамытов атындагы фонддун төрайымы Гүлзар Абдимиталипова билдирди.

Анын айтымында, салтанаттар акындын чыгармачылыгын даңазалоо жана өсүп келе жаткан таланттуу жаш муунду колдоого алуу максатын көздөйт.

Майрамдык салтанаттын биринчи күнү 1-апрелде Ош улуттук драма театрында саат 16:00дө башталат. Иш-чара 2-апрелде саат 14:00дө Ош мамлекеттик университетинде уланат.

Кечеге Жолон Мамытовдун жубайы, акын Меңди Мамазирова, уул-кыздары, жакындары жана Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы баш болгон бир топ акын-жазуучулар катышат жана өнөр жолунда үзүрлүү эмгектенип жүргөн адамдарга Жолон Мамытов атындагы сыйлыктар тапшырылат.

Жолон Мамытов Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында 1940-жылы 1-апрелде туулган. Ал "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Суунун өмүрү", "Жүз жашка тол, кылым" сындуу ыр жыйнактардын, драмалык чыгармалардын автору. Акын 1988-жылы каза болгон. (MZh)

XS
SM
MD
LG