Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Жыштык чуусу: Черногубова жана Жылышбаев мамлекетке 260 миң сомдон төлөмөй болушту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда радио жыштык чатагына байланыштуу сот өкүмү чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы 1-апрелде “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 31-марттагы өкүм менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова жана Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Жылышбаев коррупцияга (Жазык кодексинин 319-беренеси) айыптуу деп табылып, ар бири мамлекетке 260 миң сомдон төлөмөй болушту.

Черногубовага Жазык кодексинин “Кылмышты аткаруучулук” деген 42-беренеси, Жылышбаевге “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” деген 43-беренеси боюнча да айып тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганын айткан жана бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев жана бир катар башка жетекчилер да кармалган.

Черногубова жана Кылжыев кийин үй камагына чыгарылган. Алар айыбы жок экенин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG