Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

БУУнун атайын чабарманы Бирмадагы жарандык согуш коркунучун  эскертти


Бирмадагы бийликти басып алган аскерлер менен жарандык топтордун ортосундагы кагылышуу. 2021-жыл 1-апрель.
Бирмадагы бийликти басып алган аскерлер менен жарандык топтордун ортосундагы кагылышуу. 2021-жыл 1-апрель.

Кристин Шранер-Бургенер 31-марттагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында Бирмадагы аскердик төңкөрүштөн кийинки курч кырдаал жарандык согушка алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Ал дүйнөлүк державаларды бул өлкөдөгү кан төгүүнү токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды. Атайын чабарман аскерлер каршылык акциясына чыккандарга ченемсиз күч колдонуп, кууп таратып жаткан учурларды талдаган. Бирманы коркунучтуу чекке жеткен мамлекет катары сыпаттаган. Бул баяндаманын текстин эл аралык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

“Мурда өкмөттүк күчтөр менен салгылашкан 20га чукул куралдуу этникалык топтор көзөмөлдөгөн аймактарга жакын жерлердеги аскерлердин ырайымсыз зомбулугу жана ага каршылык көрсөтүү бул өлкөдөгү жарандык согуштун тутанышын шарттайт”, – деди Бургенер.

Бирмада өткөн 1-февралдагы аскердик төңкөрүштөн соң, жарандык өкмөттүн башчысы Аун Сан Су Чжи жана ал жетектеген партиянын лидерлери камалган. Буга карата жарандык каршылык көрсөтүү кыймылы катуу басылып, байкоочулардын баамында, кеминде 500дөн кем эмес адам кайтыш болду.

Эл аралык коомчулуктун айыптоосу жана киргизилген санкциялар бийликти күч менен басып алган аскердик хунтаны катаал жолдон кайтара алган жок.

XS
SM
MD
LG