Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Навальный ачкачылык кармай баштады


Навальный Берлиндеги ооруканада эки жумадан ашык комада жатып эсине келген. 2020-жылдын сентябры.
Навальный Берлиндеги ооруканада эки жумадан ашык комада жатып эсине келген. 2020-жылдын сентябры.

Абактагы саясатчы Алексей Навальныйдын ден соолугу күн өткөн сайын начарлоодо. Ошол эле маалда ал медициналык жардам алуунун ордуна түнкүсүн уйку көрбөй, укуктары одоно бузулууда. Навальный аргасыздан ачкачылык кармоону баштады.

Москвадан 100 чакырымдай алыс жайгашкан Владимир облусунун Покров шаарындагы №2 колонияда отурган Алексей Навальный мекеменин жетекчилигин мыйзамды аткарып, ага чакырылган дарыгерди киргизүү талабы менен 31-мартта ачкачылык кармоону баштады. Анын билдирүүсүн саясатчынын жактоочулары интернетке чыгарышты.

«Мен дарыгер чакырып, дары-дармек алганга укугум бар. Бирок, мага анысын да, мунусун да беришпей жатат. Белимдин оорусу бутума өтүп кетти. Башында оң бутумдун, азыр эми сол бутумдун айрым жерлери эч нерсени сезбей баратат. Тамаша-тамашасы менен, бирок, бул менин чыдамымды кетирди», деп жазылат Навальныйдын «Инстаграмдагы» баракчасында.

Оппозициячы ага медициналык жардам берүүнүн ордуна түрмө башчылыгы анын түн уйкусун бузуп, уктатпай кыйнап жатканын баса белгилеген. Саясатчы абак күзөтчүлөрү анын камерасына бир түндө сегиз жолу кирип, ойготуп жатышканын, анын азыр ачкачылык кармагандан башка, өзүн коргой турган куралы калбаганын билдирген.

БУУнун 1999-жылы кабыл алынган Стамбул протоколуна ылайык адамды уйкудан калтыруу - кыйноо деп эсептелет.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Нед Прайс Кошмо Штаттары менен өнөктөш өлкөлөр Навальныйды бошотуу чакырыктарын токтотпостугун, орус бийлигинен саясатчынын өмүрүнө кол салууга жана анын кармалышына тиешеси бар адамдарды жоопко тартууну талап кыла берерин билдирди.

«Алексей Навальный саясий туткун экени бизге айдан ачык. Анын абакта отурганы саясий негизде» деди Прайс.

Шаршембиде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Владимир Путин менен болгон видео байланышта Навальныйдын абакта укуктарынын бузулушуна жол бербей, анын саламаттыгын сактоого чакырышкан.

Буга чейин Навальныйдын иши боюнча АКШ, Европа Биримдиги жана Канада Кремлдеги он чакты төбөлгө санкция салышкан.

44 жаштагы Навальный ден соолугуна 24-марттан бери арызданып келет. Абакта ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын айтып, түрмөнүн жетекчилиги чет жактан өзү чакырган ишенимдүү догдурду да киргизүүгө уруксат бербей жатканына даттанууда.

Жаза аткаруу кызматы оппозициячынын «ден соолугу канааттандырарлык» деген билдирүү жасап, андан соң Навальныйды абактан тышкары жайгашкан ооруканага алып барып, МРТ жасашканы белгилүү болду.

Бирок, Навальный өзү да, анын жактоочулары да бул анализдердин жыйынтыктарын көрө электигин айтышат.

Өткөн дем алышта Владимир облусундагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү абакка Навальныйдын ден соолугунан кабар алууга барышкан. Алардын бири Вячеслав Куликов Навальный буттары ооруп жатканына арызданып, ага укол саюну суранганын айтса, Владимир Григорян «Навальный догурунуп жатат» деген.

31-мартта Федералдык Жаза аткаруу кызматы дагы бир билдирүү таратып, анда Навальныйга азыркы абалына жараша абакта бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилөөдө.

Ал эми Кремлдин басма сөз кызматы болсо Навальныйдын ден соолугуна тынчсыздануулар боюнча «президенттин администрациясы соттолгондор менен жаза өтөп жаткандардын саламаттыгын көзөмөлдөбөйт, бул түрмө жетекчилигинин милдети» деген позицияны карманып келет.

Навальныйдын өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, ага тез арада чет жактан медициналык кызматкерлерди алып келип, өзүнчө текшерүүлөрдөн өткөрүүнү талап кылган Орусиядагы догдурлардын катына 500дөн ашык адам кол койду. Саясатчынын ден соолугу начарлап кеткенин былтыр ууландырылышына байланыштырган медицина кызматкерлери Берлиндеги «Шарите» клиникасынан адистерди чакырууга да мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгилешет.

Былтыр августта нервди шал кылуучу «Новичок» уулуу заты менен ууландырылган саясатчы дарылануудан кийин февралда Берлинден Москвага кайтып келген. Бирок, ал 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга соттолгон.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG