Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Навальный абакта ачкачылык жарыялады


Алексей Навальный адвокаттары менен Москвадагы райондук сотто , 16-февраль, 2021-жыл.
Алексей Навальный адвокаттары менен Москвадагы райондук сотто , 16-февраль, 2021-жыл.

Орусияда жүздөгөн дарыгерлер орус бийлигине кайрылып, абактагы оппозициячы Алексей Навальныйга чукул медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылып жатышат. Ошол эле кезде Навальный былтыр августта ууландыруудан кийин жеткирилген Омскидеги оорукананын дагы бир жетекчи дарыгери күтүүсүз каза болду. 

Орус бийлигинен абактагы оппозициячы Алексей Навальныйга тез арада медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылган орусиялык дарыгерлердин ачык катына кошулгандар 500дөн ашты.

28-мартта жарыяланган онлайн-петицияда Федералдык Жаза аткаруу кызматына Навальныйга түрмөгө чет жактан көз карандысыз дарыгер киргизилип, анын саламаттыгын көзөмөлгө алууга уруксат берүү талабы коюлган.

Навальныйдын ден соолугу абакта кескин начарлап кеткенин былтыр ууландырылышына байланыштырган медицина кызматкерлери саясатчыга Берлиндеги «Шарите» клиникасынан адистерди чакырууга да мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгилешет.

«Биз Федералдык Жаза аткаруу кызматын, ага байланышкан органдарды жана биздин өлкөнүн саясий жетекчилигин бул ишке чукул киришип, Алексей Навальныйдын саламаттыгы жакшырышы үчүн керектүү бардык медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылабыз» деп жазылат петицияда.

Өткөн жумада Навальный бели ооруп, буттары катып калганына даттанып, түрмөгө барган адвокаттары аны менен жолуга албай калышкандан кийин оппозициячынын тарапташтары абакта Навальныйдын өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып чыгышкан.

Федералдык Жаза аткаруу кызматы оппозициячынын «ден соолугу канааттандырарлык» деп тараткан билдирүүсү үзөңгүлөштөрүн ого бетер дүрбөлөңгө салган.

Алексей Навальныйдын "Инстаграмда" соңку жазганы
Алексей Навальныйдын "Инстаграмда" соңку жазганы

Дем алыш күнү Владимир облусундагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү Навальныйдан кабар алууга абакка барышкан. Укук коргоочулар тобунун төрага орун басары Владимир Григорян кийин «Дождь» телеканалына «Навальный догурунуп жатат» деп, бирок мындай билдирүүнү эмнеге таянып айтып жатканын түшүндүрбөй койгон.

Ал эми саясатчынын адвокаттары өткөн жумада түрмөнүн кызматкерлери Навальныйды абактан тышкары жайгашкан ооруканага алып барып, МРТ жасашканын, анын жыйынтыктарын көрө электигин айтып жатышат.

Адвокаттардын бири Вадим Кобзев түрмөгө келген Коомдук байкоочу комиссиянын укук коргоочулары тууралуу саясатчы «концлагерлердин башчыларына кызмат кылган алдамчылар менен калпычылардын тобу түрмөдө отургандардын абалын ого бетер оорлотууда» деп айтканын «Твиттерге» жазды.

Былтыр жайында нервди шал кылуучу «Новичок» уулуу заты менен ууландырылган деген Алексей Навальный Владимир облусундагы Покров кыштагындагы №2 колонияда.

Догдурлардын кайрылуусунда азыр Навальный жаза өтөп жаткан кылмыш ишин 2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту «адилетсиз» деп тапканы баса белгиленет.

Быйыл февралда Берлинден даарылануудан кийин кайтып келген Навальный 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен кайрадан эки жарым жылга соттолгон.

Навальный өзү «Инстаграмдагы» соңку постунда Владимир облусундагы колонияда ал адвокаттары менен кездешүүгө футболка кийип келгени же эртең менен уруксат бериле электе керебеттен 10 мүнөт эрте турганы, же башка арзыбаган кемчиликтер үчүн ага каршы он рапорт толтурулуп, алты жолу сөгүш алганын жазды. Ага чейин Навальный күзөтчүлөр аны «качууга шектүү» катары күнү-түнү саат сайын келип текшерип, уктоого мүмкүндүк бербей жатканын жазган болчу.

Ал арада Навальный былтыр учакта эстен танып жыгылгандан кийин жеткирилген Омскидеги №1 оорукананын администрациясында дагы бир жетекчи көз жумду.

Травматология бөлүмүнүн башчысы, 63 жаштагы Рустам Агишев инсульттан каза болгону оорукананын веб-сайтында жазылып турат.

Февралда эле оорукананын башкы дарыгеринин орун басары, 55 жаштагы Сергей Максимишин жүрөк оорудан көз жумганы кабарланган.

Оорукананын дагы бир жетекчиси - башкы дарыгердин орун басары Анатолий Калиниченко жумуш ордун алмаштырып кетти. Дал ушул Калиниченко Навальный ооруканага түшкөндө ага медициналык жардам көрсөтүүгө жооптуу болгон.

Ал эми Навальныйды «организминде зат алмашуу процесстери бузулган» деп, чет жакка алып кетүүгө эки күн бою уруксат бербеген оорукананын башчысы, «Единая Россия» партиясынын мүчөсү Александр Мураховский бул окуядан эки ай өтпөй эле Саламаттык сактоо министрлигинин Омск облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Александр Мураховский
Александр Мураховский

Навальныйдын тарапташтары дагы деле Омскидеги оорукананын жетекчилиги менен дарыгерлерди саясатчы ууландырылганын дароо аныкташканын, бирок Федералдык коопсуздук кызматынын буйругу менен жалган диагноз коюп, оппозициячыны чет өлкөгө чыгарып кетүүгө тоскоолдук жаратып, химиялык уулуу зат менен ууландыруунун белгилерин жашырууга аракет кылышкан деп айыптап келишет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG