Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Бишкектеги №76 мектепти ачууну талап кылган акция өттү


Бишкектеги №76 мектепти ачууну талап кылган акциянын катышуучулары.
Бишкектеги №76 мектепти ачууну талап кылган акциянын катышуучулары.

Бүгүн, 1-апрелде Бишкектин Свердлов райондук акимчилигинин алдында 20дан ашык ата-эне акция өткөрүштү. Алар ушул райондун аймагында жайгашкан жана авариялык абалына байланыштуу жабылган №76 орто мектебин ачууну талап кылышты.

Чогулгандар “Балдарыбыздын заманбап мектепте окуусун каалайбыз!”, “Кыргыз мектептер сакталсын!”, “№76 мектеп оңдолсун!” деген жазууларды көтөрүп турушту.

Өзүн Клара Абылова деп тааныштырган адам аталган мектеп эки жылдан бери жабык турганына нааразылык билдирди:

“Беш балам мектепке барат. Төртөө ушул №76 мектепте окушат. Учурда балдарым эки башка мектепке барууга аргасыз болууда. Ал жакка коомдук транспорт менен катташат. Бизге жакын жердеги мектепти ачып беришсе жакшы болмок. Менден башка дагы кыйналган ата-энелер көп”.

Бишкектин Свердлов районунун акими Мурат Осмонов аталган мектеп авариялык абалда болгондуктан комиссиянын чечими менен жабылганын маалымдады. Анын айтымында №76 мектептин имараты 1930-жылы салынган.

“Мектепти калыбына келтирүү боюнча иштер башталып, долбоор чийилип жатканда пандемия болуп калды. Буга байланыштуу иштер жайлап калган. Бүгүнкү күндө долбоордун 80% бүтүп калды. Азыр анча-мынча маселелер бар. Мектепти жаңы окуу жылына чейин бүтүрүү пландалып жатат, каражат бар”, - деди Осмонов.

№76 мектепте 500гө жакын окуучу бар. 41 мугалим иштейт. (MiK)

XS
SM
MD
LG