Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Өзбекстанда Интернетте президентке акарат келтиргендер жазаланат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген учуру. 05.09.2017
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген учуру. 05.09.2017

Өзбек президентин Интернетте жана социалдык тармактарда кемсинтүү же ушактоо үчүн Кылмыш кодексине үч жылга чейин түзөтүү жумушуна тартуу, 2 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жаза чаралары киргизилди.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Кылмыш кодексине жаңы толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилгенин Telegram каналы аркылуу кабарлады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-мартта “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Ошондой эле Кылмыш кодексинде жарандарды зомбулукка жана башаламандыкка чакырып, шыкактаган учурлар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай аракеттер үчүн ири өлчөмдө акчалай айып салуу, 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сыяктуу жаза чаралары белгиленди.

XS
SM
MD
LG