Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Орусиялык журналист Владимир Познер Тбилисиден чыгып кетүүгө аргасыз болду


Грузия. Орусиялык журналист жана алып баруучу Владимир Познер
Грузия. Орусиялык журналист жана алып баруучу Владимир Познер

Орусиялык белгилүү журналист жана алып баруучу Владимир Познер анын Грузияга келишине карата каршылык акциясына чыккандардын айынан Тбилисиден учуп кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу Грузиянын “Биринчи каналы” кабарлады.

Познердин Грузияга келишине каршы чыккандар 31-мартта Тбилисинин борборуна чогулган. Ал жайгашкан мейманкананын алдында полиция менен каршылык акциясынын катышуучуларынын кагылышуусу болгон.

“Азаттыктын" Кавказ кызматы полиция Познер жайгашкан отелген кирүүгө умтулган жаалданган топту токтотуп калганын жазып чыкты. Каршы чыккандар мейманкананын короосунда ышкырып, темир тосмолорду ургулап, андагы Владимир Познерге жана анын досторуна ыңгайсыздык жаратышты. Алар мейманкананын жарыгын өчүрүп салган соң, полиция эки жагынан тосмолоп, конокторду ал жактан чыгарып кетти. Познер менен достору Rooms отелине жайгашып, бирок ал жакка дагы барган жарандар тобу аянттагы асфальтка “Грузиядан жогол” деп кызыл боек менен жазышты. Тбилисинин аэропортунан Москвага кайра учуп жатып Владимир Познер:

“Мен бул жолу саясат жөнүндө сүйлөгөнү келгеним жок. Мен туулган күнүмдү белгилөө үчүн учуп келген болчумун”, - деди 1-апрелде ал.

Маалыматка караганда, Познер Москвадан Тбилисиге кырктай адамдын коштоосунда учуп барып, алгач Vinotel Boutique Hotel мейманканасына жайгашкан. Оппозиция өкүлдөрү бийликтен токтоосуз түрдө аны Грузиядан чыгарууну талап кылды. Анткени алар Познер Грузиянын бүтүндүгүн тааныбай, орусиялык баскынчылыкты актаган деген жүйөнү келтиришти:

“Мындай учурда кайсы гана мамлекет болбосун “Абхазия Грузиянын бир бөлүгү эмес” деп айткан орусиялык системанын өкүлүн өлкөгө жөн эле киргизмек эмес. Биз бийликти ошол үчүн эскерттик”, - деди Грузиядагы “Убакыт келди” оппозициялык кыймылынын лидери Элена Хоштария.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Владимир Познер оккупациялык зона тууралуу мыйзамды бузбаганын, анткени ал АКШнын жараны экенин жана буга чейин Грузияда бир нече ирет болгонун билдирди. Грузияда 3-апрелге чейин болууну мерчемдеген Владимир Познер 1-апрелдин таңында Тбилисиден Москвага учуп кетти.

XS
SM
MD
LG