Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Өкмөт башчы: Санариптештирүүгө бут тоскон кызыкдар тараптар бар


1-апрелде өкмөт бардык мүчөлөрү менен видео байланыш аркылуу жыйын өткөрдү.
1-апрелде өкмөт бардык мүчөлөрү менен видео байланыш аркылуу жыйын өткөрдү.

Кыргыз өкмөтүн санариптештирүүнүн алкагында 406 мамлекеттик кызматтын 33ү гана толук автоматташтырылган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы санариптештирүүнүн ишке ашпай жатканын мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин кайдыгерлиги катары баалап, буга кызыкдар тараптар да бар экенин белгиледи.

“Мен кызыкдар тараптарды эң жакшы түшүнүп турам, алар мамлекет тараптан сатып алууларга көзөмөл болушун каалабайт, анткени ар кандай шектүү схемаларды жасоо оңой. Коңшу өлкөлөрдөгү мамлекеттик сатып алуулар системасы нормалдуу иштеп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрүп келдик”, - деди Марипов.

1-апрелде өкмөт бардык мүчөлөрү менен видео байланыш аркылуу жыйын өткөрүп, экономикалык жана социалдык бир нече маселе талкууланды.

Кыргыз бийлигинин мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүү аракети 2017-жылы башталган. 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы», 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган. “Түндүк” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, “Түндүк” тутумуна ондогон мамлекеттик органдын кызматтары туташтырылары айтылган.

Коомчулукта санариптештирүүнүн жүрүшүнө карата сын пикирлер аз эмес. Өзгөчө мамлекеттик органдардагы тейлөө автоматташтырылбагандан улам узун кезек пайда болгонуна нааразылыктар айтылып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG