Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Министрлик: “Беткаптардан курт чыгып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкери Гүлмира Жумашова.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкери Гүлмира Жумашова.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти “медициналык беткаптардан курт чыгып жатат” деп Интернетте тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Департаменттин кызматкери Гүлмира Жумашованын айтымында, колдонулган жана жаңы ачылган беткаптарды текшеришкен.

“Микроскоп менен текшердик. Жеке коргонуу каражаттарынын биринде дагы курт сымал жандыктар чыккан жок. Болгону кара түстөгү кездеменин жиптерин көрө алдык. Сыягы, ал видеолордун авторлору ошол кездемени куртка окшоштуруп алышса керек”, - деди.

Буга чейин социалдык тармактарда медициналык беткаптардан курт чыгып жатканы боюнча видео тарап, талкууга алынган.

30-мартта премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте жана Чүй облусунда коронавирус күч алганын айтып, жарандарды өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, социалдык аралыкты сактоого, беткап тагынууга чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG