Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Аксы: Көз жарган секелектин иши иликтене баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 1-апрелде Аксы районунун дарыгери милицияга 2007-жылы туулган кыз төрөт бөлүмүнө келип көз жарганын билдирген.

Окуя боюнча Аксы райондук ички иштер бөлүмү текшерүү иштерин баштады. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбеков төрөгөн кыз 7-класстын окуучусу экенин билдирди. Мектепте эң жакшы баага окуганын, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөнүн айтууда.

Окуя боюнча мектептин жетекчилигине тартиптик чара көрүлгөнү белгилүү болду. (MiK/TB)

XS
SM
MD
LG