Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

HRW “Талибандан” журналисттерге карата кысымды токтотууну талап кылды


Зомбулукка барган Талибан өкүлдөрүн кармоо
Зомбулукка барган Талибан өкүлдөрүн кармоо

Эл аралык адам укугун коргоо уюмунун баяндамасында мындай жагдай Ооганстанда оюн эркин билдирүү укугун чектеп, жоочулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда тынчтыкты орнотууга тоскоол болору белгиленген.

“Коркутуулар менен адам өлтүрүүлөрдүн толкуну Ооганстандагы маалымат каражаттары үчүн кооптуу белги болуп калды. Бирок ушундай коркунучтуу маалда да оогандыктар өлкөнүн келечегин жана сөз эркиндигин коргоо үчүн кепке келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр”, – деп билдирди "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Азия боюнча өкүлү Патриция Госсман.

Ал талибдер зомбулук жана коркутуп-үркүтүүлөр аркылуу сындын ындынын өчүрүп, Ооганстанда ачык коомду куруу үмүтүнө суу сепкенин кошумчалады.

Баяндамада былтыр сентябрда Катарда өткөн ички оогандык тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан бери Ооганстанда аткаминерлерге, укук коргоочуларга жана журналисттерге карата зомбулук күчөгөнү айтылат. Дохадагы жолугушууда "Талибандын" өкүлдөрү медиага кысым жасалганын четке кагып, бирок журналисттерден ислам баалуулуктарын урматтоо талап кылынарын билдиришкен.

"Хьюман Райтс Уотч" уюму "Талибандын" жетекчилигин журналисттерге карата зомбулукту, кысымды жана коркутуп-үркүтүүлөрдү тез арада токтотууну талап кылды. Ал эми уюм тынчтык сүйлөшүүлөрүн алып барган жана колдогон өкмөттөр менен Бириккен Улуттар Уюмун Ооганстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоо үчүн "Талибандын" лидерлерине басым жасоого чакырды.

XS
SM
MD
LG