Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Депутаттарды шайлоо ыкмасын өзгөрткөн мыйзам биринчи окуудан өттү


Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын парламенттик шайлоого артыкчылыктуу (преференциалдык) добуш берүү ыкмасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 31-мартта Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Аны сессияда катталган 97 депутаттын баары колдоду.

Парламенттик шайлоодо партияга жана анын катарындагы талапкерге да добуш берүүгө багытталган мыйзам долбоору 2020-жылдын 6-майында коомдук талкууга чыгарылган. Долбоор Жогорку Кеңеште быйыл 25-мартта каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Демилгечилер “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттар.

Документтин авторлору шайлоонун преференциалдык ыкмасы парламенттин курамынын сапатын да жакшыртып, билимдүү адамдардын Жогорку Кеңешке шайланып келишин шарттай турганын айтып жатышат. Документтин негиздемесинде парламенттин VI чакырылышындагы 120 депутаттын 50гө чукулу бизнесмендер, 40ка жетпегени мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү экени белгиленген.

Бул мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окуудан кабыл алынса президенттин кароосуна жиберилет. Демилгечилер долбоор кабыл алынып калса, ал быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоодо колдонула турганын айтышууда.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" агенттигиндеги маегинде Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирген.

Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча парламенттеги депутаттардын саны 90го кыскарат. Бирок анда шайлоо системасы көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарынан, калган 55ин партиялык система менен шайлоо жөнүндө сунуш айтылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG