Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт


Cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 29-марттагы басма сөз жыйынында Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанга май-июнь айларында келиши мүмкүн экенин айтты.

“Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү”, - деди министр.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти «Спутник V» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө каражаты катары өткөн айда каттаган.

Республика коронавирус илдетине каршы эмдөө үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцинаны колдонмой болду. Жапырт эмдөө бүгүн, 29-мартта башталды. Алгачкылардан болуп вакцина саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алды.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Буга чейин "Pfizer" вакцинасын - 70 градус температурада сактоо мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, Кыргызстан андан баш тартканы кабарланган. Аталган вакцина Кыргызстанга глобалдык COVAX альянсынын алкагында сунушталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG