Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

COVID-19: Эки адам каза болду, 71 адам жугузду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-март күнү эртең менен берген маалыматына караганда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду.

Вирус 71 кишиге жукканы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1483 кишини түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 88 163 адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 53 адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны – 84 653.

Стационарда дарыланууда 550 бейтап бар. Анын 23ү өтө оор, 122си оор абалда жатат.

29-мартка карата төрт медицина кызматкерине коронавирус жукту. (MiK)

XS
SM
MD
LG