Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Түркмөнстанда шайлоочуларга добуш берүүгө 2 гана саат берилди


Түркмөнстандын депутаттары. Архив.
Түркмөнстандын депутаттары. Архив.

Түркмөнстан 28-мартта жаңы түзүлүп жаткан Сенаттын 48 оруну үчүн атаандашкан 112 талапкердин ичинен иргеп, алгачкы шайлоону өткөрдү.

Дүйнөдөгү өзгөчө өкүмзор бийлиги бар өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Борбордук Азиядагы бул мурдагы советтик жумуриятта өткөрүлгөн шайлоонун талапкерлеринин арасында бир дагы оппозициячыл талапкер болгон жок.

63 жаштагы авторитардык төбөл, президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун жеке керт башына сыйынуу мамлекеттик саясатка айланган азыркы Түркмөнстанда кайчы ой-пикирлерге эч жол берилбейт жана бардык маалымат каражаттары мамлекеттин катуу көзөмөлүндө турат.


28-мартта (жекшембиде) шайлоочулар (жергиликтүү убакыт боюнча) таңкы саат 10:00дон чак түшкө чейин эки гана сааттын ичинде добуш беришкен. Алар өлкө боюнча алты шайлоо тилкесинин биринде, анын ичинде борбор шаар Ашгабатта жана беш аймакта беш башка шайлоо тилкесинде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

Түркмөн бийлиги добуш берүүдөн кийин бир нече сааттын ичинде жарыялаган маалыматка караганда, 5,8 миллион калкы бар өлкөдө добуш берүүгө укуктуу шайлоочулардын 98,7 пайызы бул добуш берүү жүрүмүнө катышкан.

Парламенттик шайлоо. Ашгабат, Түркмөнстан. 2018-жылдын 25-марты. Архив.
Парламенттик шайлоо. Ашгабат, Түркмөнстан. 2018-жылдын 25-марты. Архив.

Чет элдик байкоочуларга шайлоо тилкелерин көзөмөлдөөгө тыюу салынган. “Миллий Геңеш” (“Milli Geňeş”), же Улуттук Кеңеш деп аталган Түркмөнстандын эки үйлүү (палаталуу) жаңы парламенти эми 56 сенатордон жана 125 депутаттан турат.

Сенат түркмөнчө "Элдик жыйын" ("Халк маслахаты" - "Halk Maslahaty") деп аталса, төмөнкү үй - "Жыйын үйү" ("Межлис" - "Mejlis") деп аталат.


Кийинки аптада Сенаттагы орундардын жеңүүчүсү деп жарыяланаары күтүлгөн 48 талапкерден тышкары, президент Бердымухаммедов дагы сегиз сенаторду өз каалоосуна ылайык дайындамакчы. (TT)

XS
SM
MD
LG