Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

HRW: Түркмөнстанда президенттик шайлоо адилеттүү өтөрү күмөн


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Мындай мазмундагы билдирүүсүн эл аралык адам укугун коргоо уюму Түркмөнстандагы президенттик шайлоонун алдында жарыялады. Анда сөз эркиндиги жана маалыматка жетүү мүмкүндүгү жок өлкөдө жарандардын мамлекет башчысын эркин тандоосу мүмкүн эмес экени айтылат.

«Түркмөнстанда эч качан ачык жана адилеттүү шайлоо өткөн эмес. Алдыдагы шайлоо да ошондой эле болот. Биз Түркмөнстандагы адам укуктары жаатындагы абалга кылдат байкоо салып, ошонун негизинде ушундай жыйынтыкка келдик. Адам укуктары одоно бузулуп жаткан жерде сөз эркиндиги, тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги да жок. Ошондуктан,биз анда эркин, ачык шайлоолор өтүшү мүмкүн эмес деп эсептейбиз», — деп айтылган уюмдун билдирүүсүндө.

Уюм Түркмөнстан бийлиги көз карандысыз эл аралык уюмдарды, анын ичинде «Хюман Райтс Уотчту» өлкөгө киргизбей турганын белгиледи.

Түркмөнстанда 12-февралда президенттик шайлоо болот. Ага 2007-жылдан бери бийликте келе жаткан президент Гурбангулы Бердымухамедов да катышууда.

Түркмөнстандын 2016-жылдын сентябрында кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. Расмий бийлик Түркмөнстандын тарыхында биринчи жолу 12-февралда президенттик шайлоо көп партиялуу атаандаштык шартында өтө турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG