Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Текебаев: Президенттик система кирсе Түркмөнстан болобуз (видео)


Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев парламент шайлоолорду өз убагында өткөрүү маселесин чечип бериши зарыл деп эсептейт. Депутаттын 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында белгилегенине караганда, шайлоо Конституцияда жазылган мөөнөттө өткөрүлбөсө «президентке жүгүнгөн» парламент пайда болот. Текебаев азыр депутаттар экиге бөлүнүп турганын, бир тарап шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, «жаңы келген парламент конституциялык реформаны баштай берсин» деген, экинчи тарап «шайлоо өткөрүүнүн кереги жок» деген пикирди карманып турушканын белгиледи:

«Экинчиси – шайлоону өткөрбөйлү, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учураталы, Конституцияны уруп ойнобойлу, «элдин талабы» деген талапка жамынып өткөрбөй коёлу да, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап. Эгер ошол система кирсе, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп кол чаап турасыңар! Бар, арабызда жүгүнүп кол чаба тургандар. Ийилип кол чабасыңар. Келет ал. Келип жатат. Каалоочулар айтып жатат. Эл-журт, парламент, тандагыла!».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарылган. Азыркы парламенттин мөөнөтү аяктап калгандыктан кайра шайлоо, ал эми президент кызматтан кеткендиктен мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл. Айрым депутаттар адегенде Конституцияны өзгөртүш үчүн референдум өткөрүү зарыл экенин айтууда. Мындай көз карашын алар азыр Кыргызстанда «эки баштуу» башкаруу болуп турганы, президент эч нерсеге жооп бербегени менен негиздеп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG