Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Атамбаев менен Шадиевге карата козголгон кылмыш иши сотко жиберилди


Алмазбек Атамбаев тарапкерлери абактан чыгаргандан кийин Бишкектеги митинг учурунда. 9-октябрь, 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев тарапкерлери абактан чыгаргандан кийин Бишкектеги митинг учурунда. 9-октябрь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата коррупция, мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча козголгон кылмыш иштери сотко жиберилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 21-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Атамбаев менен Шадиевге карата Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция»), 215-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди адалдоо»), 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуу») боюнча козголгон кылмыш иштерин прокуратуранын мекеме аралык тергөө тобу жана УКМК иликтеп бүттү.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Атамбаев менен Шадиевге карата коррупция боюнча козголгон кылмыш иши Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо менен байланыштуу.

Мындан тышкары алар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырган, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү алуу, ар кайсы компаниялардан үлүш жана башка материалдык каражат алуу менен мыйзамсыз байыган, кендерге мыйзамсыз ээлик кылган деп айыпталууда.

Башкы көзөмөл органынын маалыматында муну менен Атамбаевдин. Шадиевдин жана башка кызмат адамдардын кылмыштуу аракеттеринен мамлекет 13 694 673 937 сомдук зыян тартканы айтылат. Учурда тергөө органдары Атамбаев менен анын санаалаштарынын башка активдерин чет жактан да издеп жатканы кабарланды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт тополоң менен коштолгон 6-октябрга караган түнү Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыккан. Кийинчерээк дээрлик баары түзөтүү мекемелерине кайтарылган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иштерине да айыпталып жатат.

Быйыл июнда ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышына айыптуу деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы президентке карата козголгон дагы бир иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда. 2019-жылы августта күч түзүмдөрү Атамбаевди Батукаев тууралуу суракка алыш үчүн Кой-Таш айылынан кармап кетишкен. Бул операция атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Бул үчүн Атамбаев жана анын он чакты тарапкери соттолууда, өкүм чыга элек. (NT)

XS
SM
MD
LG