Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Депутат Сулайманов: Жогорку Кеңеште «Абил бийлер» көбөйдү (видео)


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов парламент шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карабай, кабыл албай жатканына нааразылыгын билдирди. 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында Сулайманов бул маселе атайылап каралбай жатат деген пикирин айтып, депутаттарды кошоматчылык үчүн айыптады:

«Кечээки окуяга негиз болгон маселени карайлы десек сиздер башка ар түрдүү жактарга буруп жатасыздар. 120 көп деп жатасыздар. Анда 120 депутат эмнеге отурабыз, таркап кетели анда! 120 депутат беш жыл сонун отурдуңар. Бири-бириңерди мактап, кошоматчылыкты кылып... Эми бүгүн, силердин мөөнөт бүткөндө 120 көп болуп калдыбы? Бүгүнкү күндө «Абил бийлер» жаман көбөйдү. Төрт-беш президенттин башын жеген «Абил бийлер» бүгүн да «Мындай кылып койсок боло берет» деп... «Сынган кылычтагы» Абил бийди айтып жатам, окугандар билип, түшүнүп жатасыңар. Жол ачып бермейлер. Конституцияны бузган эң оор кылмыш экенин унутпагыла!»

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарылган. Депутат Сулайманов шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөөнү азайтуу жана форма №2 менен добуш берүү тартибин өзгөртүү керек экенин буга чейин бир нече жолу айтып, мыйзам долборун сунуш кылган.

Бүгүнкү отурумда шайлоо мыйзамдары тууралу эмес, башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча демилгелер көбүрөөк айтылууда. Күн тартибинде президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн аныктоо маселеси бар экени мурдараак кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG