Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Жээнбековду Манаска теңеген депутат Рысалиевдин Жапаровго кайрылуусу сынга кабылды


Зарылбек Рысалиев жана Жанарбек Акаев. Коллаж сүрөт.
Зарылбек Рысалиев жана Жанарбек Акаев. Коллаж сүрөт.

Жогорку Кеңеште депутат Зарылбек Рысалиевдин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жиберген кайрылуусу сын жаратты. Парламенттин 21-октябрдагы отурумунда Рысалиев Жапаровго кайрылып:

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин кичи мекениңиз - Ысык-Көл. Ысык-Көлдө кыргыздын түбүн түптөп кеткен атуул болгон. Кыргыздын «Басмайылдын жакшысын ээси билбей, ат билет, эр жигиттин мыктысын эли билбей, жат билет» деген сөзү бар. Жусуп Абдрахмановду айткым келет. Сиз Абдрахмановдой мыкты жигит болуңуз», - деди.

Анын бул сөзүнө депутат Жанарбек Акаев «Сиз Манас атаңызды алмаштырдыңызбы?» деген өңүттө пикирин айтты.

Быйыл 25-июнда депутат Рысалиев парламенттин борбордук трибунасынан ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго «Бүгүн сиз, Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз!» деп айткан эле. Бул сөзү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Бүгүн парламентте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселеси каралып, референдум өткөрүү тууралуу сунуштар айтылып жатат. Парламенттин 21-октябрдагы күн тартибинде президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгилөө маселеси да турат.

Азыр Кыргызстандын премьер-министри Садыр Жапаров президенттин да милдетин аткарууда. (RK)

XS
SM
MD
LG