Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Парламент өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматын угат


Ош шаарындагы «Аялдардын тилектештик маршы". 2021-жыл, 8-март.
Ош шаарындагы «Аялдардын тилектештик маршы". 2021-жыл, 8-март.

Бүгүн - 29-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш боюнча токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматын угат.

Комитет жыйынына баяндамачы катары вице-премьер-министри Артем Новиков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков чакырылган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

2020-жылы 24-декабрда Жогорку Кеңеш “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” токтом чыгарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG