Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

12 өлкөнүн штаб башчылары Бирманын аскерлерин зомбулукту токтотууга үндөштү


Бирма. 2021-жылдын 27-марты.
Бирма. 2021-жылдын 27-марты.

Улуу Британия, АКШ, Германия баш болгон 12 өлкөнүн Башкы штабдары Бирмада аскерлердин демонстранттарга кол салуусун айыпташты. 27-мартта бул өлкөдө бийликти басып алган аскерлерге каршы акциялар өтүп, митингчилер менен аскерлердин кагылышуусунан 100дөй адам каза болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңсеси "үрөй учурган зордук-зомбулук" жана өлкөнүн ар кыл аймактарында ишембиде "көптөгөн кишилер, анын ичинде балдар да өлтүрүлгөнү" тууралуу кабар жеткенин маалымдады.

12 өлкөнүн Башкы штаб башчылары аскерлер элди кордоп эмес, кайтарып, колдошу керек экенин белгилешти жана зомбулукту токтотууга, элдин ишенимин кайтарууга аракет жасоого чакырышты.

Быйыл 1-февралда Бирмада аскердик төңкөрүш болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG