Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Бишкек: Мектептер жана бала бакчалар азырынча толук ачылбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мектептерде жазгы каникулдан кийинки окуу процесси үчүнчү чейректегидей тартипте уланат. Бул тууралуу 28-мартта “Азаттык” радиосуна борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 1, 2, 3, 4, 5, 9, 11-класстар мектепке барып окушат, ал эми 6, 7, 8, 10-класстардын сабактары аралыктан жүргүзүлөт.

Бала бакчалар да азырынча толук ачылбайт. Мектепке даярдоо жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган өзүнчө топтор гана иштей берет.

Кыргызстанда коронавируска каршы чаралардан улам мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын мартында жабылган. Кийин айрымдары толук ачылды, кээ бирлери эпидемиологиялык кырдаалга жараша жарым-жартылай ачылып иштеп жатышат. Жеке менчик билим берүү жайларынын көбү ишин кадимки тартипте улантууда.

22-мартта башталган жазгы каникул 31-мартта аяктап, төртүнчү чейрек 1-апрелде башталат. (RK)

XS
SM
MD
LG