Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Индонезияда чиркөөнүн жанындагы жардыруудан кеминде 10 адам каза болду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Индонезияда бүгүн, 28-мартта католиктердин чиркөөсүнүн жанындагы жардыруудан кеминде 10 адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир нече адам жараат алды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя Макасар шаарында адамдар чиркөөдөн чыгып келе жаткан учурда болгон. Полиция жанкечти адам жардыргыч затты жардырып жибергенин айтууда.

Азырынча бул террордук чабуулдун артында ким турары белгисиз. Чиркөөнүн кызматкерлеринин айтымында, жанкечти ал жерге мотоцикл менен барган жана чиркөөнүн ичине кирүүгө аракет кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG