Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Лифттин шахтасына кулаган кыздын абалы оор деп мүнөздөлдү


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Бишкекте көп кабат имараттын лифтинин шахтасына түшүп кеткен кыздын абалын “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери оор деп мүнөздөштү. Бул тууралуу 28-мартта “Азаттык” радиосуна кызматтын жетекчисинин орун басары Болот Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, кыз болжол менен 15 метрлик бийиктиктен кулаган:

“Биз алдын ала диагноз коёбуз. Кыздын омурткасы сынган жана мээси чайкалган деген баштапкы диагноз менен ооруканага жеткирдик”.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 27-мартта Бишкектеги мейманканалардын биринде болгон. Куткаруучулар кызды лифттен чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Бишкекте адамдар лифттен кулаган окуялар буга чейин да катталган жана лифттердин көбүнүн эскилиги жеткени тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG