Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

ӨКМ: Кара-Сууда медреседе чыккан өрт өчүрүлдү


Кара-Суу району. Өрт чыккан медреседе.
Кара-Суу району. Өрт чыккан медреседе.

Ош облусунда медреседе чыккан өрт өчүрүлдү, адамдар жабыркаган жок. Окуя 27-мартта кечки саат ондон өткөндө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кара-Суу районундагы Анжиян айылында жайгашкан медреседе болгон.

Тилсиз жоо менен өрткө каршы үч бөлүм алышып, 15 милиция кызматкери жана электр жумушчуларынан бир бригада тартылды.

Медресенин эки кабат окуу корпусунун шыбы жана 156 чарчы метр чатыры толук бойдон күйүп кетти.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 100дөн ашуун медресе бар.

2019-жылы Булан институту изилдөө жүргүзүп, өлкө эгемендик алгандан кийин диний билимге кызыгуу күчөп, медреселер ачыла баштаганын, бирок бирдиктүү система болбогонун, 2014-жылы бул маселе Коопсуздук кеңешинде талкуулангандан кийин бир стандартка келтирүү, талапты жогорулатуу жана билим сапатын жакшыртуу аракеттери жүрүп жатканын белгилеген. (MrA)

XS
SM
MD
LG