Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Статистика: Өткөн жылы микрокредит алгандар 82 миңге көбөйдү


Улуттук статистика комитетинин инфографикасы.
Улуттук статистика комитетинин инфографикасы.

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 2020-жылы 707 миң адамды түздү. Аларга жалпы 31 млрд. сомдон ашык насыя берилди. 2019-жылы 624 миң адамга 30 млрд. сомдон ашык насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

2020-жылы микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6% - айыл чарбасына, 28,2% - керектөөгө, 10,4% - соода жана кызмат көрсөтүүгө, 8,1% - курулушка берилген.

2018-жылдагы Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана каттоодон өткөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG