Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Шайлоо: Ошто мыйзам бузуу жөнүндө 10 маалымат текшерилип жатат 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө түшкөн 10 маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Милиция текшерүүнүн жыйынтыгында кабарланган маалыматтар аныкталса шайлоо мыйзамдарына ылайык тийиштүү тараптар жоопкерчиликке тартылаарын билдирди. Ош шаардык милициясы шайлоодогу үгүт компаниясы тиешеси бар бардык тараптарды мыйзам сактоого чакырат.

Шаар тургундарын мыйзам бузуулар жөнүндө кабарларды 03222-4-82-82 телефон номерине кабарлоону өтүнөт. Учурда милицияда атайын топ түзүлүп, алар шайлоого байланыштуу ыкчам иш чараларды жүргүзүүдө.

Буга чейин мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын айтып чыккан.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG