Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Гонконг: демократиячыл активисттер айыптуу деп табылды


Гонконгдогу демократиячыл активисттер, 2021-жыл, январь
Гонконгдогу демократиячыл активисттер, 2021-жыл, январь

Гонконгдо сот демократиячыл жети активистти күнөөлүү деп тапты. Медиа-магнат Жимми Лай баш болгон активисттер эки жыл мурунку мыйзамсыз нааразылык иш-чарасын уюштурган деп табылды.

Гонконгдун соту таанымал укук коргоочу, Демократиялык партиянын негиздөөчүсү Мартин Ли жана медиамагнат Жимми Лай баштаган жети демократиячыл активистти 1-апрелде күнөөлүү деп тапты. Алар 2019-жылы августта Гонконгдо Кытай бийлигинин чечимдерине каршы мыйзамсыз протесттик акцияларды уюштурган жана катышкан деп табылды. Эми соттун чечими айыпталуучулардын адвокаттарынын жарыш сөзү аяктаган соң жарыяланат. Мыйзам боюнча активисттер беш жылга чейин соттолушу мүмкүн.

2019-жылдын 18-августунда Кытайдын Гонконгго карата саясатына каршы башталган акция ири демонстрацияга айланган эле. Ага 1,7 миллиондой киши же шаардын ар бир төртүнчү тургуну катышкан. Анда нааразылыкка Гонкондон Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоого жол ачкан мыйзамы себеп болгон.

Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну талап кылышкан.

Дал ушул акцияны уюштурууга айыпталып жаткан активисттердин адвокаттары тынч жыйындарга чогулуу ар бир адамдын конституциялык укугу экенин билдиришүүдө. Анын үстүнө, ири нааразылык жүрүшүнө айланып кеткен акция тууралуу полициянын кабары болгонун укук коргоочулар кошумчалады.

Айыптуу деп табылган активисттердин бири Ли Чеук-Ян 1-апрелде соттун алдында журналисттерге комментарий берип жатып: “Бул саясий куугунтук протесттик кыймылга кошулгандардын баарына багытталган. Сен тынч гана максатты көздөгөнсүңбү же эр жүрөктүк көрсөттүңбү эч мааниге ээ эмес. Баары саясий куугунтукка туш болду”,-деп билдирди.

Айыптуу деп табылгандардын баары Гонконгдун демократиячыл кыймылынын белдүү өкүлдөрү. 82 жаштагы Мартин Ли тажрыйбалуу укук коргоочулардын бири. «Гонконгдогу демократиянын атасы» деп аталган Ли Гонконгдогу Демократиялык партиянын негиздеген.

Жимми Лай
Жимми Лай

Ал эми 73 жаштагы Жимми Лай болсо Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишкер. Ал бир нече ири маалымат каражаттарынын кожоюну. Лай буга чейин да “чет өлкө менен мамлекеттин коопсуздугуна каршы сүйлөшүүгө барган” деген берене боюнча күнөөлүү деп табылган.

Гонконгдун прокуратурасы оппозициячыл активисттер акция уюштуруу менен коомдук тартипти бузган деп айыпташууда.

Демократиячыл ишмерлерге карата соттун акыркы чечими расмий Бээжиндин Гонконгго карата кезектеги басымы болуп калды.

Ушул апта башында Кытай Гонконгдун негизги мыйзамын өзгөртүү менен шайлоо системасын алмаштырып, «аймакты патриоттор башкарышы керек» деген чечим кабыл алган. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин Гонконгдо шайлоо системасын өзгөртүү «Кытай элинин мүдөөсүнө туура келет» деп билдирген:

«Бул реформа «бир өлкө, эки система» саясатын так жана толук аткарууга, Гонконгду патриоттор башкарат деген принципти карманууга жана Гонконгдо узак мөөнөттүү туруктуулукту сактоо үчүн керектүү ачык институттук системаны камсыздайт. Бул кытай элинин, анын ичинде Гонконгдогу мекендештердин мүдөөсү».

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылган. Расмий Бээжинди өзгөчө макамдагы аймакка карата соңку чечимдерин Батыш өлкөлөрүн сындап келет.

Британия жана АКШ Гонконгго көзөмөлдү күчөтүү 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өткөрүп берген учурдагы келишимдерге каршы келерин билдирди.

Ал эми Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен болсо Бээжиндин реформаларын «автономияга чабуул» деп баалап, Вашингтон демократиялык принциптерди бузуп жатканы үчүн Кытайга чара көрөрүн белгилеген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG